Бишкектин бийлиги «жаңы жылдык майрамдардан» улам зайымчылардын доллардын курсунун жогорулашына каршы нааразычылык ациясын өткөрүүсүнө тыюу салды.

Доллардын курсунун жогорулашына нааразы болгон зайымчылар 2-декабрда Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Бирок Биринчи май райоунунун администрациясынын өкүлү «жаңы жылдык майрамдардан» улам парламенттин алдына нааразычылык акциясын уштурууга тыюу салды.

Учурда насыясын төлөй албай калгандар Горький атындагы сейил бакта митинг өткөргөнү жатышат. Бирок ал жер шаардын борборунда болгону менен имараттардын арасында жайгашып, бишкектиктердин арасында анчалык популярдуу эмес.

Насыя алып төлөй албай калгандардын укуктарын коргоо боюнча комитеттин төрайымы Динара Назаркулова алар митинг өткөрө тургандыктары жөнүндө Бишкектин Биринчи май райондук администрациясына билдирүү бергендиктерин айтты.

«Бүгүн эртең менен бизге бул жакта митинг өткөрүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу кат алып келип беришти. […] Аны кайсыл бир жаңы жылдык майрамдан улам митингге чыкпаш керектиги менен негиздеп жатышат», — деди Назаркулова.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Биринчи май райондук администрациясы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Насыясын төлөй албай калгандардын өзүлөрү доллардын курсун турукташтыруу үчүн бийликтин «эч кандай чара көрбөй жаткандыгына» нааразы.

«Доллар күн өткөн сайын жогорулап жатат, адамдар насыяларын төлөй албай жатышат, анткени айлык акы жок […] Бардык насыяларды доллар менен төлөө керек. Эл эмне кылышы керек?» — деп суроо салды Назаркулова.

Алар форс-мажордук жагдай жарыялап, сомду 2014-жылдагы 40-42 сомдук курс менен долларга алмаштырууну талап кылып жатышат.

Комитет мүчөсү Айнура Калиева жүгүртүүдөн долларды таптакыр алып салуу керек деп эсептейт. «Биз Кыргызстанда жашап жатабыз, туурабы? Биз доллар колдонгудай Америкада жашабай элебиз да», — деп эсептейт ал.

Автор: Эвелина Зайцева