Жарандык кийим кийген жана автоматчан белгисиз адамдар Kloop.kgнин кабарчысынын унаасын токтотушту. Алар өзүлөрүн милиционербиз деп тааныштырышкан, бирок документтерин көрсөтүшкөн эмес.

Окуя 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон – B4151AP мамлекеттик номуру тагылган BMW X5 жана B6377AQ номурлуу «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаалар Kloop.kgнин кабарчысынын унаасын жол жээгине кысып, өткөрбөй коюшкан.

Автоунаадан жарандык кийимчен эки белгисиз адам чыккан, алардын биринин колунда автомат бар болгон. Алар кабарчынын унаадан чыгып, документтерин көрсөтүүсүн талап кылышкан.

Kloop.kgнин кабарчысы Эльнура Алканова унаадан чыгуудан баш тартып, белгисиз адамдардын өзүлөрүнүн документтерин көрсөтүшүн жана аны токтоткондуктарынын себептерин түшүндүрүп берүүлөрүн өтүнгөн.

Белгисиз адамдар өздөрүн тааныштыруудан баш тартышкан – алардын бирөөсү Бишкектин Октябрь райондук милиция бөлүмүнүн «автоматчысы» экенин гана айткан.

«Мен кетейин десем алар жолумду тороп алышты. Анан алар телефон чалып кимдир бирөөнү чакыра башташты. Бир нече мүнөттөн кийин 1001BK мамлекеттик номуру тагылган «Ниссан» үлгүсүндөгү жарандык унаа менен ЖКК кызматкери келип, мени жол чырак «кызыл күйүп турганда» өтүп кеттиң деп айыптады», — деди кабарчы.

ЖКК кызматкери анын аты-жөнүн, кызматын жана кайсыл жерде иштей тургандыгын окууга мүмкүн болбогон тездикте күбөлүгүн көрсөткөн. Ал өзүнүн ким экенин жана каякта иштей тургандыгы жөнүндө тактап айтып берүүдөн баш тарткан.

«Мен жайгашуу картасын көрсөтүүсүн талап кылдым, а ЖКК кызматкери аны башка унаага унутуп калганын айтты. Ал картаны алып келип көрсөтөрүн билдирди. Анан алар четирээк жакка барып бир аз сүйлөшүшкөндөн кийин алардын бирөөсү мага келип кечирим сурап, андан соң кетип калышты», — деди Алканова.

ЖККнын басма сөз кызматынын ага инспектору Тилек Оторов Kloop.kgнин кабарчысына милиция окуяны териштириши үчүн кызматкерге жана белгисиз адамдарга карата арыз жазуу кеңешин берди.

«Балким алар [автоматчан белгисиз адамдар менен ЖКК кызматкери] бирге иштеп жатышкандыр. Мүмкүн ал ЖКК кызматкери ошол РИИБде нөөмөттө болуп, тигилер аны чакырышкандыр. Мен билбейм, сиз Коопсуздук кызматына барып, алардын кызматтык териштирүү жүргүзүшү үчүн арыз жазышыңар керек», — деп сунуштады Оторов.

Анын айтымында, Жол кайгуул кызматынын формасын кийген адам токтотуп, документтерин көрсөтпөгөн күндө да айдоочулар ага күбөлүктөрүн көрсөтүүлөрү керек.

«Менимче, сиз алгач ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарып, андан кийин гана эгер сизде кандайдыр бир нааразычылыктар же шектенүүлөр болсо алардын тиешелүү документтерин сурашыңыз керек болчу», — деди ал.

Оторов айдоочулар алгач форма кийген белгисиз адамдарга баш ийип, андан кийин гана алардын документтерин талап кылуулары керектигин айтты. Бирок ал айдоочулардын ушундай кылууга милдеттендире турган нормативдик актыга шилтеме жасай алган жок.

Документтерин көрсөтүүгө милдеттүү

Юрист Замир Жоошев Kloop.kgге курган маегинде эгер ал белгисиз адамдар милиция кызматкерлери болушса, анда алар милиционерлерди документтерин көрсөтүүгө милдеттендирген «Ички иштер органдары тууралуу» мыйзамды бузгандыгын түшүндүрдү.

«Алар тиешелүү форма кийишкен эмес. Алар сизге документтерин көрсөтүшкөн жок, а «Ички иштер органдары тууралуу» мыйзамдын 8-беренеси боюнча, кызматкерлер жарандык адамдарга документтерин көрсөтүүгө милдеттүү. Эгер милиция кызматкерлери документтерин көрсөтпөсө, анда жарандар аларга баш ийбей коюуга укуктуу», — деди ал.

Юристтин пикиринде, эгер белгисиз адамдар милиционерлер болушкан болсо, анда аларды кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдалангандыктары үчүн жоопкерчиликке тартууга болот. А эгер белгисиз адамдар милиция кызматкери болушпаса, анда аларды кылмыш жоопкерчилиги күтүп турат.

«Алар өз документтерин көрсөтүшкөн эмес. Өзүлөрүнүкүн көрсөтпөстөн сиздин документтериңизди талап кылып, эркиндигиңизди чектешкен. Эгер алар милиция кызматкери эмес болушса, анда алар «бейбаштык» кылышкан, ал үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуулары керек», — деди Жоошев.

Юрист ЖКК кызматкерлери жарандарга милиционердин белгилүү бир аймакта кызмат өтөп жаткандыгын далилдеген өзүнүн жайгашуу картасын көрсөтүүгө милдеттүү экенин айтты.