Түркия менен визасыз режимди токтотуу мүмкүндүгү тууралуу Туризм департаментинин башчысынын орун басарынын айткандары анын «жеке пикири» болгон — бул тууралуу Kloop.kgге курган маегинде бүгүн гана департаменттин башчысы болуп дайындалган Азамат Жаманкулов билдирди.

Тема боюнча: Туризм департаменти Түркия менен визасыз режимди убактылуу токтото турууну сунуштады

«[Туризм департаментинин башчысынын орун басары] Михаил Ким бул боюнча жеке өзүнүн пикирин билдирген. Бул өлкөнүн жана биздин республиканын өкмөтүнүн расмий позициясы эмес. Азырынча бизде Түркия менен бир тараптуу негизде визасыз режимди бузуу боюнча позиция жок», — деди Kloop.kgге курган маегинде Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору болуп бүгүн дайындалган Азамат Жаманкулов.

Ал Ким жалпы департаменттин атынан айтышы мүмкүн болгонун, бирок «Азаттык» радиосуна курган маегинде ал «жеке пикирин» билдиргенин белгиледи.

Жаманкуловдун өзү Түркия менен убактылуу виза режимин киргизүү «мүмкүн эмес болушу ыктымалдыгын» айтуу менен бул дагы анын жеке пикири экенин белгиледи.

«Биз — Түркия менен бир тууган элдерденбиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана социалдык интеграциялар боюнча ал биздин республикада лидерлердин бири болуп эсептелет. Ошондуктан биз мындай кадамдардын ал мамилелерге таасир этишин каалабайбыз», — деп эсептейт ал.

Ким: «Визасыз режимди токтото туруу максатка ылайыктуу»

Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысынын орун басары Михаил Ким «Азаттык» радиосуна курган маегинде Түркия менен визасыз режимди токтото турууну сунуштаган — ал визасыз режимди токтотуу жалпысынан туризм тармагына терс таасирин тийгизерин, бирок коопсуздук андан маанилүүрөөк экенин айткан.

«Менин конкреттүү сунушум — Түркия менен убактылуу, жок дегенде жарым жылга визасыз режимди токтото туруу максатка ылайык», — деди ал.

Кимдин айтымында, айрым туроператорлор Жапония жана бишка бир нече өлкө менен болгон визасыз режимди калтырууну сунушташкан.

Буга чейин департаменттин башчысынын орун басары Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстанда визасыз режим жоюлбай тургандыгын, анткени ал өлкө үчүн «пайдасыз» экенин билдирген.

«Эң көп дегенде бир катар өлкөлөр менен Кыргызстанга визасыз кирүү тууралуу келишимдер убактылуу токтотулушу мүмкүн», — деп билдирген Ким.

Экономика тармагы боюнча эксперт Данияр Айтман Түркия менен визасыз режимди жоюуну «чыккынчылык жана мункуртчулук» деп эсептейт. Бул тууралуу ал «Фэйсбук» соцтармагындагы баракчасына жазды.

«Түркия — бизге дайыма жакшылык кылып келген эң жакын, тууган жана достук мамиледеги өлкөлөрдүн бири. Түркия түрк тилдүү дүйнөнүн талашсыз лидери катары биз үчүн өзгөчө роль ойнойт. Түркия менен жакшы мамиледе болуу биздин улуттук окшоштуктарыбыздын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет», — деп эсептейт ал.

Түркия түштүк тарабында Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик «Ислам мамлекетинин» мүчөлөрүнө каршы согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирия менен чектешет.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын билдирүүлөрү боюнча, аталган уюмдун жактоочулары кыргызстандыктарды азгырып, аларды Түркия аркылуу Сирияга жөнөтүшөт. Акыркы маалыматтар боюнча, жалпысынан «Ислам мамлекети» тарапта дээрлик 400 кыргызстандык согушуп жүрөт.

«Максатка ылайыктуулугу» тууралуу ойлонуп башташты

Визасыз режимдин кооптуулугу тууралуу 27-ноябрда алгачкылардан болуп учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы болуп иштеп жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Абдил Сегизбаев билдирген.

Анда ал Кыргызстанга «Ислам мамлекетинин» Европа өлкөлөрүнүн жарандыгына ээ мүчөлөрү кирип кетиши мүмкүндүгүн айткан.

Азырынча визасыз режимди жоюу боюнча бийлик тараптан эч кандай конкреттүү аракеттер боло элек. Болгону парламенттик комитеттин башчысы, «Кыргызстан» фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбеков өкмөткө визасыз режимдин «максатка ылайыктуулугу тууралуу» ойлонуп көрүүнү сунуштаган.

Кыргызстанда 2012-жылдан бери 45 өлкөнүн (анын көбү Европа өлкөлөрү) жарандары үчүн визасыз режим иштеп келет. Ал мамлекеттердин жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат.

«Kyrgyz Concept» туристтик компаниясынын башчысы, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев Алмазбек Баатырбековдун демилгесине «чочулоо менен мамиле кыларын» билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүк туристтер Кыргызстанга көбүнчө визалык тоскоолдуктардын жоктугунан улам келип жатышат.

Алгач, мамлекеттик түзүмдөрдүн арасында визалык режимди жоюу тууралуу 2012-жылдагы мыйзамга каршы чыккандар болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чет өлкөлүктөрдүн киришине көзөмөлдү жоготуп коюу ыктымалдыгынан улам узак убакыт бою каршы болуп келген — алардын пикирлеринде, визасыз режим өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болчу. Ошондой эле визасыз режимге Тышкы иштер министрлиги да каршылыгын билдирген. Мекеме визаларды жоюуда консулдук жыйымдар кыскарарын билдирген.

Сүрөттө: Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жаңы дайындалган башчысы Азамат Жаманкулов.