Жарандык активист Александр Паленый Бишкек ЖКК башчысы Зумрад Жаныбаеваны сотко берүүгө аракет кылган. Бирок аны сот имаратына киргизбей коюшкан.

Активист Александр Паленый Бишкек ЖКК кызматкерлери тарабынан көптөгөн жол эрежелеринин бузулушун жана кызмат өтөөдөгү мыйзам бузууларын каттагандыгын, бирок мекеме жетекчилиги тарабынан кол алдында иштегендерге карата эч кандай чаралар көрүлбөй жатканын айтты.

«Жол инспекция кызматкерлери тартылган көптөгөн видеолор эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп тургандар тарабынан системалуу жана уятсыз жол эрежелеринин бузулуп жаткандыгын көрсөтүүдө. Бул деген ЖКК башчысы өзүнүн нормативдик милдеттерин аткарбай жатат дегенди түшүндүрөт», — деди Паленый.

Октябрь райондук сотунда активисттин арызын кабыл алуудан баш тартышып, аны Райондор аралык сотко берүүсүн өтүнүшкөн. Бирок Паленый Райондор аралык соттун кире беришинен милициянын талабы боюнча паспортун көрсөткүсү келген эмес.

Кире бериште турган милиция кызматкери «терроризм коркунучунун күчөгөндүгүнө» байланыштуу сотко киргендердин документтерин текшерүүгө милдеттендирген ички иштер министринин жаңы көрсөтмөсүнө шилтеме жасаган.

Активисттин айтымында, ал сот имаратына кирүүгө акылуу, анткени ал коомдук жай жана Конституция боюнча сот жыйындары ачык өтүшү керек.

10 мүнөттүн ичинде Райондор аралык соттун аймагына дагы үч милиция кызматкери келишкен. Алардын бири Kloop.kgге сот имаратына кирүүдөгү эреже бузуу тууралуу телефон чалуу болгонун билдирди.

Келген милиция кызматкерлери эч кандай активдүү аракеттерди көрүшкөн эмес, алар активисттин сотко кирип, арызын бериши үчүн анын документин көрсөтүүсүн талап кылышкан.