Монголия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын 50дөн ашык спортчусу бодибилдинг боюнча биринчи ачык чемпионат өткөн Бишкектин Спорт ордосунда мелдешке түшүштү.

Бодибилдинг боюнча биринчи ачык чемпионат 8-декабрда Бишкектеги Спорт ордосунда өттү — мелдештер бодибилдинг жана фитнестин IFBB федерациясынын эрежелери боюнча өттү.

IMG_9518-1024x683

Мелдештин жеңүүчүлөрү он түрдүү категория боюнча аныкталышты. Алардын эң престиждүүсү — 90 килограммдан оор салмактагы эркектер категориясында Эмил Надырбаев жеңишке жетти.

Абсолюттук биринчиликте буга чейин 75 килограммга чейинки юниорлор арасында чемпион болгон Мирбек Марат уулу жеңишке жетти. Ал өз трофейлерин Надырбаевге өткөрүп берди.

IMG_9615-1024x683

75 килограмм салмактан оор юниорлордун арасындагы мелдеште калыстар жеңишти Келдибек Атайбек уулуна беришти.

IMG_9589-1024x683

Чемпионаттын уюштуруучулары бодибилдинг Кыргызстанда популярдуулукка ээ болуп келе жатканын айтышты — Бодибилдинг федерациясынын президенти Тимур Жанабуловдун айтымында, Кыргызстанда спорттун бул түрү менен 200дөн ашык киши машыгат.

IMG_9580-1024x683

«Бүгүн 4 өлкө катышты. Негизи ачык чемпионаттан кийин дароо Азия чемпионаты өтөт, аны жакынкы келечекте биздин федерация сөзсүз уюштурат — ага Азия чөлкөмүгдөгү бардык өлкөлөрдөн спортчулар келишет», — деди Жанабулов Kloop.kgге курган маегинде.

IMG_9555-1024x683

«Фитнесс бикини» категориясында жеңүүчү болгон Анастасия Махотина мелдештерге биринчи жолу катышкан — анын фитнес менен машыгып баштаганына бир жылдан бир аз ашкан.

«Эгер буга чейин бодибилдинг Кыргызстанда спорттун жаңы башталган гана түрү болгон болсо, азыр ал өнүгүп жатат. Менин категориямда бүгүн жети киши катышты, а мурда 3-4 эле катышуучу болмок», — деди Махотина.

Видео: Анастасия Стрельникова жана Тилек Бейшеналиев
Сүрөт: Айдана Канатбек