Активист Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары үчүн Ак үйдүн алдына жалгыз пикетке чыккан. Бирок анын акциясы милиция кызматкерлери тарабынан токтотулду.

Бишкек милициясынын кызматкерлери парламент имаратынын алдында акция өткөрүп жаткан Токтонасыровду кармап кетүүгө аракет кылышты. Активист Ак үйдүн алдына «Адам укугу — оюнчук эмес» деген ураан менен пикетке чыккан.

Милиционерлер активистке «Жаңы жылга чейин акцияларды өткөрүүгө болбой тургандыгын» айтышты. Бирок тыюунун себептерин түшүндүрүшкөн жок.

Kloop.kgнин кабарчыларынын айтымдарында, милиция кызматкерлери Токтонасыровду милиция бөлүмүнө алып кеткени жатышкан, бирок журналисттерди көрүп активистти кое беришкен.

Өндүрүш Токтонасыров — бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин экстрадициясын талап кылып Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдында жалгыз өткөргөн нааразычылык акциялары менен белгилүү болгон жарандык активист жана укук коргоочу.