2016-жылы «Суворов окуу жайы» деген аталыш менен да белгилүү болгон Дайыр Асанов атындагы Бишкектеги аскердик лицейдин ачылганына 33 жыл болот. Ушул күнгө чейин аны 3 миңден ашык курсант аяктаган.

Дайыр Асанов атындагы аскердик лицей Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан. Анда эркек балдар гана окушат — лицейде стандарттуу мектеп программасынан сырткары аскердик иштерге, курал-жарак пайдаланып, атууга үйрөтүшөт.

2016-жылы лицейге 33 жыл болот — ал 1983-жылы ачылган. Андан бери аны 3000 миңдей жаштар аякташкан. Азыр анда үч жүз курсант окуйт — ар бир курста 100дөн.

Лицейде билим алып жаткан курсант Болсунбек Тасмаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегиде бул жакка бешинчи класста окуп жүргөн кезинде эле тапшыргысы келгенин айтты.

«Мен бул жакка 8-классты аяктап келгем. Үчүнчү жыл окуп жатам, жакында лицейди аяктайм. Эч кимдин жардамысыз эле өткөм, баарына өз күчүм менен даярдангам», — деди ал.