Бишкектик студент дудук-дүлөйлөрдүн башка адамдар менен сүйлөшүүсүнө жардам бере турган тиркеме иштеп чыкты. Kloop.kg ал программанын чиновниктер менен сүйлөшүүдө кандай иштей тургандыгын аныктоо үчүн мамлекеттик имараттарга кирип эксперимент жүргүзүп көрдү.

Студент кыз Айгерим Асанова ата-энеси дудук-дүйлөй экенин жана көпчүлүк учурларда башка адамдарга бир нерсе түшүндүрүп же алардан жардам сурай албай кыйналышарын айтты. Ал «Мени ук» («Услышь меня») аталышындагы тиркеме иштеп чыгып, аларга жардам берүүнү чечкен.

«Мындан ары мен алар менен бирге жүрүп котормочу болбойм деген үмүттөмүн, мына жакында апам социалдык фондго барып маалымкат алышы керек. Ал жакка менсиз эле өз алдынча барып келет деп ойлоп атам», — дейт Айгерим.

Бишкектеги дүлөйлөрдүн жаштар уюмунун төрайымы Чынара Абдыраимова насыя алайын деп жатат, бирок ал үчүн социалдык фонддон ал акчаны төлөп бере ала тургандыгын ырастаган маалымкат керек болууда.

Kloop.kgнин кабарчылары мамлекеттик кызматкерлер Айгерим тарабына иштелип чыккан тиркеме аркылуу сүйлөшүүгө кандай реакция жасаша тургандыгын көрүү үчүн Абдыраимова менен бирге маалымкат алууга барышты.

Абдыраимова көрүнүштү жашыруун камерага тарткан курбусу менен бирге социалдык фонддун кызматкеринин иш бөлмөсүнө кирди. Анда тартылып алынган кадрларда кызматкер дудук-дүйлөй аял менен тиркеме аркылуу сүйлөшүүнү каалабай жатканы көрүнүп турат. Бирок бир канча убакыттан кийин ал тиркемеге көнүп, Абдыраимова менен сүйлөшө баштаган.

«Тиркеме жардам берди, абдан ыңгайлуу экен, кагаз менен калем колдонуп, убакытты бекерге коротуп отурбастан […] Мамлекеттик кызматкер үчүн телефон аркылуу сүйлөшүү көнүмүш болгон жок», — деп түшүндүрдү Абдыраимова

Айгерим тарабынан иштелип чыккан тиркемени Play Marketтен бекер жүктөп алууга болот. Аны колдонуу үчүн интернетке туташуу керек болот.