Бишкекте Москва көчмө дельфинарийинин алгачкы шоусу болду. Ага эки дельфин, кит жана деңиз мышыгы катышышты. Жаныбарлардын биринчи өнөр көрсөтүүсү маалында залда дээрдик бош орун калган жок.

Москва көчмө дельфинарийинин алгачкы шоусу Бишкекте 30-декабрда өттү.

IMG_1503

Шоуго Данди деген кит, Боб деген деңиз мышыгы, Алиша жана Флинт деген кара деңиздин эки көк делфини жана алардын машыктыруулары катышышты.

Дельфиндер машыктыруучуларынын жетекчилиги астында түрдүү номурларды көрсөтүштү: жонглёрдык кылуу, танго бийи жана алардын негизги номуру — суу үстүндө басуу. Андан сырткары жаныбарлар сүрөт тартышты — аны шоунун жүрүшүндө эле аукцион аркылуу сатышты. Көрүүчүлөрдүн бири ал үчүн 5000 сом төлөөгө макул болду.

IMG_1690

IMG_1773

IMG_1903

IMG_1809

Кит Данди өзүнүн өнөрлөрүн көрсөттү: ал бийледи, топ менен ойноду, ноталар боюнча ырдады. Андан сырткары ал бир нече жолу таң калтырган секирүүлөрүн аткарды.

Деңиз мышыгы Боб дагы бир нече бий жана акробатикалык номурларды аткарды. Данди болсо аны жонуна мингизип ары-бери сүздү. Жаныбарлардын машыктыруучулары да алардын үстүлөрүнө чыгып алышып суу үстүндө жылып жүрүштү.

IMG_1848

IMG_1628

IMG_1571

Шоу дельфиндер менен киттин бир кырка секирүүлөрү менен аяктады.

Жалпысынан шоу көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырды. Жаныбарлардын номурларын көрүүчүлөрдүн кол чабуулары менен балдардын жүзүндөгү жылмаюулар коштоп турду.

Бишкекте көчмө дельфинарий шаар бийлигинин колдоосу менен декабрдын экинчи жарымында пайда болгон. Ал шаарда 2016-жылдын майына чейин иштейт.

Дельфинарийдин ачылышы социалдык түйүндөрдө карама-каршы реакцияларды жараткан — айрымдары ал окуяга кубанышса, башкалары — дельфиндердин көңүл ачуу шоулорунда пайдаланылышын айыпташкан.

Шоу башталар алдында дельфинарийдин жанында жаныбарларга «ырайымсыз мамиле кылууга» каршы митинг өтүп, 40ка жакын адам сүт эмүүчүлөрдүн эркиндикке кое берилишин талап кылышкан.

Автор: Александра Капушенко
Сүрөт жана видео: Яна Чуркина