Стамбулдун Султанахмет борбордук аянтында жардыруу болду, расмий маалыматтар боюнча, 10 киши каза болуп, дагы 15и жаракат алышкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, «сириялык жанкечти» жардыруу жасаган.

Материал улам-улам жаңыланып турат.

Жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 10до (Бишкек убактысы боюнча саат 14тө) Стамбулдун Султанахмет борбордук аянтында болду. Түркия президент Реджеп Эрдоган жардырууну «сириялык жанкечти» жасагандыгын билдирди.

Би-би-си шаар бийлигине шилтеме жасап, жардыруудан каза болгондордун саны 10 кишиге жеткенин билдирүүдө.

Басылманын маалыматы боюнча, учурда ал жакта полиция менен тез жардам кызматтары иштеп жатышат.

«Күбөлөр катуу жарылуу болгонун уккандарын айтып жатышат. Ал жакка полиция менен тез жардам унаалары барышты. Азырынча жарылуунун себептери белгисиз», — деп жазды басылма.

«Гардиан» британ гезити полиция жарылуу болгон аймакты курчоого алганын жазууда.

«Жарылуу катуу болгон. Биз чуркап барып жолдо жаткан аялдын дене бөлүктөрүн көрдүк», — деп жазды «Рейтер» агенттиги коңшу дүкөндө иштеген күбөнүн айткандарын.

Кыргызстандык Ажар Бекжанова Стамбулдун борбордук Султанахмет аянтындагы жардыруу орун алган маалда ал жактан 20 метр гана алыстыктагы дүкөндө болгон.

12510458_936871509728005_7842817017433289539_n

«Биз дүкөнгө киргенден беш мүнөттөн кийин жарылуу болду. Трамвай дароо токтоп калды, биз бир жери бузулган го деп ойлогонбуз. Эч нерсе түшүнгөн эмеспиз. Андан кийин дүкөндүн сатуучусу ал бомба болгонун айтып, бизге башка тарап менен кетүү кеңешин берди. Биз ал жактан коопсуздук үчүн кеттик. Жолдо бара жатып полиция менен тез жардам кызматынын көптөгөн унааларын көрдүк, алардын ар биринде 20дан унаа болсо керек, андан сырткары тик учак да жүрдү. Абдан ызы-чуу болду. Адамдар дендиреп калышты, анткени Стамбулдун борборунда жардыруулар боло элек болчу. Андан кийин биз 40 мүнөттөн кийин кайра аянтка келдик, баары тынч экен. Полиция жарылуу болгон жерди курчоого алыптыр. Адамдар ары-бери басып жүрүштү. Полиция өтө тез иштеди, дээрлик бир мүнөттөн кийин эле ал жерге жетип келишкен», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда жарылуудан каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жоктугу такталып жатканын билдирди.

«Консулдуктун кызматкерлери чоо-жайын тактоо үчүн болжолдуу маалыматтар боюнча жаракат алгандардар жеткирилип жатат делген «Хасеки» илим-изилдөө медициналык борборуна жана «Фатих» районунун полиция бөлүмүнө чыгып кетишти. Маселе дайыма КР ТИМинин көзөмөлүндө болот», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Султанахмет аянты — бир жагынан Көк мечит, экинчи жагынан ыйык София чиркөөсү менен курчалган Стамбулдун башкы туристтик жайларынын бири.

Соавтор: Сайкал Токтогулова.