Нарын облусунун Учкун айылынын 46 жаштагы тургуну Таалай Касымбеков салттуу кыргыз сандыктары үчүн эски DVD-дисктерден жасалгаларды даярдайт.

Адистиги архитектор болгон Таалай Касымбеков жогорку окуу жайын аяктагандан кийин кесиби боюнча жумуш таппай, туулуп өскөн Учкун айылына кайтып барып, устачылык менен алектенип баштаган — буга чейин ээр, жүгөн жана арабаларды жасап келген.

Бирок убакыттын өтүшү менен иши начарлап баштаган — материалдардын кымбатташынан улам ат жабдыктарын жасоо пайдасыз болуп калган. Уста акча табуунун башка жолдорун издеп, жыйынтыгында сандыктарды DVD-дисктер менен кооздоо идеясы пайда болгон.

«Кесүүнүн алдында дисктерди болжол менен эки саат отко кактайм. Анткени дароо эле кайчы менен кессең, ал жарылып кетет», — дейт айылдык уста.

Ага бир сандыктын дизайнын даярдоо үчүн дээрлик бир сутка убакыт талап кылынган.

«Алгач дисктерди кесүү абдан кыйын болгон. 1-2 күн убаралангам», — деди Касымбеков.

Ал дисктерди айылдаштарынан чогулткан, айрымдары материалдарды ага өзүлөрү алып келишкен.

Касымбеков анын бул эмгектери айылдаштарына жагып, аны менен акча табам деген үмүттө. Аялы менен ажырашкандан кийин уста пенсиясы 3000 сомду түзгөн апасы менен бирге жашайт. Үй-бүлөнүн жалгыз киреше булагы апасынын пенсиясы болуп калган.

Касымбековдун апасы Токтобүбү апанын айтымында, уулу чарчаганын көрсөткүсү келбейт — кээ бирде таңкы саат 3-4кө чейин иштейт.

«Анын эмгектери менен буюмдары мага жагат. Уулум дайыма мени менен кеңешет. Ал бул дисктер менен үйдөгү эшиктерди жана жуунгучту кооздойм деп атат», — деди устанын апасы.

Автор: Жанара Асанкулова