Жол кайгуул кызматы айнектери караңгылатылган унаа менен бара жатып көчөдөн өткөндөрдү суу тапанчасы менен аткан студентти кармады. Ал өз аракеттерин видеого тартып жүргөн.

ЖКК 21 жаштагы студентти кармап, айнектерин караңгылатып жүргөндүгү үчүн ага эки миң сом өлчөмүндөгү айып пул жазды, а автоунаасы айып унаа токтотуу жайына жеткирилди. Ошондой эле кармалган студенттин өз алдынча жасалган «AZAMAT» деген VIP-номуру алынды.

Студенттин аракеттерине юридикалык баа берилиши үчүн инспекторлор иштин материалдарын Бишкектин тергөө башкармалыгына жөнөтүүгө даярдап жатышат.

21 жаштагы студент Жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна өз аракетин «акмактык» деп айтып түшүндүргөн. Айтымында, анын «ЖКК менен эч кандай мамилеси жок».

Милиция студентти анын соцтүйүндөргө жарыяланган видеолорунан эреже бузууларды байкагандан кийин кармаган.

Видео 11-январда «Тартиптүү айдоочулар уюмунун» YouTube-каналына жарыяланган — анда бир видеого «Инстаграмдын» @bektenaliev01 аттуу колдонуучусунун көчөдөн өткөндөргө суу тапанчасы менен атып, VIP-номурларына жана куралына мактанып жаткандыгы тартылган кыска роликтери бириктирилген.

Видеолордун биринде анын авторунун башкаруусундагы унаа ЖКК унааларынын «коштоосунда» бара жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Укук коргоо органдары жол эрежесин бузгандарды социалдык түйүндөрдө жарыяланган видео жана сүрөттөрүнөн улам алгачкы жолу кармабай эле.

Өткөн жылдын декабрынын башында соцтүйүндөгү баракчасына «NURAIYM» деген мамлекеттик номурду кармап, башка унаалардын фонунда түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырган студент кыз Нурайым Төлөгөнованын аракеттери колдонуучулардын кыжырын келтирген. Өзгөчө анын Ак үйдүн терезесине туруп түшкөн сүрөттөрү менен мигалка тагылган кортеждер тартылган видеосу чоң талкууга алынган.

Кыз аны кармагандыктарын күтпөстөн эле милицияга өз эрки менен келген. Андан соң интернетке кечирим сураган видеосун жайгаштырган.