Пианист жана композитор Катя Михайлова Бишкектеги музыкалык мектептин фортепианосун оңдоо үчүн IndieGoGo краудфандинг аянтында акча чогултуу боюнча өнөктүк уюштурду.

Михайлова — Бишкектин Павел Шубин атындагы музыкалык мектебинин бүтүрүүчүсү, учурда Нью-Йоркто жашайт. Ал бала кезинде окуп кеткен мектептеги рояль оңдоого муктаж экенин угуп, IndieGoGo сайтында акча чогултуу боюнча өнөктүк баштаган.

Өнөктүк төрт күн мурда башталып, андан бери колдонуучулар керектүү сумманын жарымынан көбүн чогултуп коюшкан — 3461 доллардын 1780 доллары.

Акча чогултуунун аякташына 24 күн калды.

Анда топтолгон каражат акыркы жылдары «өтө начар абалга жеткен» эски фортепианону оңдогоо жумшалат.

«Ал толугу менен оңдоого муктаж, анын ичинде декасын (кылдуу музыка куралынын астыңкы жана үстүңкү капкагы, ал - жаңырыкты, резонансты күчөтөт), балкаларын жана башка бөлүктөрүн оңдоо керек», — деп жазылган өнөктүктүн баракчасында.

Михайлованын музыкалык мектептеги мугалими Ада Акчурина Kloop.kgге курган маегинде рояль 70 жылдан бери бир дагы жолу оңдоодон өткөрүлбөгөндүгүн айтты.

«Жаңы рояль сатып алуу таптакыр мүмкүн эмес. Сапаттуу роялдын баасы 100 миң доллардан башталат, ошондуктан жарым-жартылай оңдойлу деген чечимге келдик. Мен Германия, Эстониядагы адистер менен байланышып, роялыбызды оңдоо тууралуу макулдаштым», — деди Акчурина.

Ал фортепианону оңдоо үчүн эки жылдан бери акча издеп келгендиктерин кошумчалады.

«Мен өлкөбүздөгү бардык элчиликтерге кайрылгам. Жалпы бирим берүү мектептериндеги окуучуларга, майып балдарга бир жыл музыка үйрөтүү каралган долбоорлорду жазганбыз. Бирок долбоор элчилик өкүлдөрүн кызыктырганы менен эч ким жардам берген жок», — деди ал.

Оператор: Тилек Бейшеналиев