Маданият үйүнүн айланасындагы соттук териштирүүлөр Жогорку соттун чечими менен Иисус Христос чиркөөсүнүн пайдасына чечилди. Буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду имарат мыйзамсыз сатылып алынгандыгын жана ал мамлекетке таандык экенин билдирип келген.

25-январда Жогорку сот Маданият үйүн 1999-жылы «Бишкек машина куруу заводунан» 2 млн. сомго сатып алган Иисус Христос чиркөөсүнүн менчигинде калтыруу чечимин чыгарды.

Акыркы сот отуруму болор алдында чиркөө коомунун мүчөлөрү Жогорку соттун имаратынын алдына митингке чогулушкан.

Өкүм окулгандан кийин чиркөө коомунун мүчөлөрү кубанышып, Маданият үйүнүн чиркөөнүн менчигинде калганы үчүн Кудайга ыраазычылыктарын билдиришти.

«Жеңиш! Жеңиш! Биз силерге айтканбыз: ишенсеңер орундалат», — деди алардын бирөөсү.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду имарат мыйзам бузуулар менен сатылып алынгандыгына ишендирип, аны Маданият министрлигинин карамагына өткөрүп берген. Чиркөөнүн жетекчилиги фонддун чечимине макул болбой, имаратты кайтарып алуу үчүн сотко кайрылган болчу.

Имараттын айланасындагы талаш-тартыш 2005-жылдан бери уланып келген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2013-жылы активдүү аракеттерге өтүп, чиркөөнү Бишкектин райондук сотуна берген. Андан бери чиркөө коомунун мүчөлөрү Жогорку сотко доо арыз менен кайрылганга чейин иш түрдүү сот баскычтарында болуп келген.

Иисус Христос чиркөөсү — Кыргызстанда расмий түрдө каттоодон өткөн диний уюм, анын миңдеген мүчөлөрү бар. Пастор Василий Кузиндин айтымында, Маданият үйүнүн имаратында чиркөө тарабынан бардык каалоочулар үчүн ийримдер уюштурулган.

Видео: Владимир Цай