Лыжачылардын The Faction Collective командасы өткөн жылдын ноябрында Кыргызстанда болушуп, Тянь-Шань тоолорунда лыжа тээп кетишкен. Анда алган таасирлерин алар кыска видео түрүндө монтаждап жасашкан.

The Faction Collective — дүйнөнү кыдырып саякаттап, тоолорду багындырган лыжачылардын эл аралык командасы. Анын курамында 20дан ашык киши бар. Команда мүчөлөрү, француз Арно Ружье менен Лоран Готье былтырКыргызстанга келип кетишкен.

«Арно Ружье менен Лоран Готье жергиликтүү жашоочуларды лыжа тебүүгө жана коопсуздук эрежелерин үйрөтүүгө Арстанбапка барышкан. Андан соң команда мүчөлөрү Тянь-Шань тоолору менен таанышууга жөнөшүп, боз үйдө түнөп, өздөрү үчүн Кыргызстандын адам буту баса элек укмуштуудай жаратылышын ачышкан», — деп жазышкан команда мүчөлөрү.

Лыжачылар 12 мүнөттүк ролик тартышкан, анда алардын жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүп, тоолуу өлкөнүн жаратлышына суктанып жаткандыктары тартылган.

«Лыжачылардын көбү Кыргызстанга келип кетүү жөнүндө ойлонушат, анткени өлкөнүн 94%ын тоолор ээлеп турат. Болгондо да бийик тоолор», — деген видеодо Арсланбаптагы Айылдык туризм ассоциациясынын координатору Хаят Тариков.

Лыжачылардын өзүлөрүнүн айтымдарында, алар Кыргызстанга болгон сапарында өзүлөрү күткөндөн да көп нерселерди ала алышкан.

«Биз Кыргызстанга жардам берүү үчүн барганбыз, бирок акырында өзүбүз күткөндөн да көп нерселерди алдык. Алар бизге үйлөрүн ачышып, өз маданияты менен бөлүшүштү. Бул өтө чоң таасир калтырган сапар болду», — деген Ружье.