«Сафари» кыймылынан жарандык активисттер Ошто Жол кайгуул кызматынын инспекторлору айдоочуга карата протокол түзбөө үчүн андан 500 сом сурагандыктарын видеого тартып алышкан.

Жол милиционерлеринин «пара талап кылгандыктары» тартылган видео 1-февраль күнү кечинде «Сафари» кыймылы тарабынан YouTube видеошэринг порталына жарыяланган.

Видеодо ЖКК инспекторлору жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочуга протокол түзбөө үчүн анын 500 сом беришин талап кылып жаткандыктары угулуп турат.

«Эгер протокол түзсөк, анда 1000 төлөөгө туура келип калат. […] Жарымын бер, анан бүттү. 500 сом», — деп айтканы угулган видеодо инспекторлордун бирөөсүнүн.

Болот Ибрагимов — жолдогу коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенген «Сафари» кыймылынын негиздөөчүсү — Kloop.kgге курган маегинде ал видео тартылгандан кийин ЖКК кызматкерлери операторду бир аз убакытка кармашып, видеону өчүрүп салышканын айтты.

«Андан соң ал топко кол салып, видеону тартып алышкан. Бирок алар ага чейин видеонун көчүрмөсүн жасап коюшкан, ошондуктан видеону сактап калууга мүмкүн болду. Үнү чыкпай калган жерлеринде айдоочу тууралуу маалыматтар айтылат, айрым жерлеринде кичи микрофон иштебей калган», — деди ал.

Ибрагимовдун айтымында, алар милиция кызматкерлеринин ал аракеттери боюнча даттанышкан эмес. «Жок. Мындай жол менен алар өзүлөрү эле табылышат. Андан ары иштейбиз», — деди ал.

ЖККнын өкүлдөрү азырынча видео боюнча түшүндүрмө бере албастыктарын айтышты.

«Ягуар» жыттанып жатат

Ал видеонун көпчүлүк бөлүгү «пара талап кылуу» маалында ЖКК инспекторлорунун маңдайында турган башка унаанын ичиндеги жашыруун камерага тартылган.

Айдоочу — «Сафари» кыймылынын өкүлү — алгач милиционерлерге документтери жок экенин айткан. Өз кезегинде алар унаа ээсин канча айып пул күтүп тургандыгы жөнүндө айтып башташкан.

«Эгер айдоочулук күбөлүк ала элек болсоң, анда 5000 сом айып пул, а эгер алган болсоң, анда 1000 сом айып пул. […] Эгер азыр айып унаа токтотуу жайына алып барсак, анда дагы 1700 сом төлөөгө туура келет», — деген инспектор видеодо.

Андан соң айдоочунун документтери табылып, ал милиция кызматкерлеринин кое беришин суранган. Бирок инспекторлор унаанын ичине отурушуп, айдоочудан «Ягуар» жыттанып жаткандыгын» (энергетикалык алкоголдук суусундук — редакциянын түшүндүрмөсү) айтышып, анын унаанын багажын ачуусун талап кылышкан.

Айдоочу багажын ачып көрсөткөндөн кийин ЖКК инспекторлору ал бир тарапты көздөй жүрүүгө гана уруксат берилген жол менен келе жатканын айтып башташкан. Айдоочу андай эместигине ишендирүүгө аракет кылган, бирок инспекторлор протокол түзө тургандыктарын айтышкан.

«Дрыщтын» иши

«Сафари» кыймылы, анын ичинде Ибрагимовдун өзү буга чейинки видеосу менен белгилүү болгон. Анда алар Бишкек ЖКК инспекторлору менен милициянын штаттан сырткаркы кызматкеринин пара талап кылгандыктарын тартып алышкан.

Алар жарыялаган видеонун жыйынтыгында милиционерлер менен штаттан сырткаркы кызматкер Адилет Жунусовго каршы кылмыш иши козголгон. Жунусов социалдык түйүндөр менен кыргыз ЖМКларында «Дрыщ» деген атка конгон.

Жыйынтыгында милициянын штаттан сырткаркы кызматкери 1,5 жылга эркинен ажыратылган, а милиция кызматкерлери 1000 сом айып пул төлөө менен кутулушкан.

Ички иштер министрлигинин алдындагы ЖККнын жетекчилиги алгач өз кызматкерлерине сөгүш жарыялаган, бирок коомдук сындан кийин мекеме аларды жумуштан кетирүү чечимине келген.