Kloop.kg Бишкектин айланасындагы тоо лыжа базаларында эс алууга арналган репортаждар сериясын баштайт. Бул жолкусунда «Кашка-Суу» базасы тууралуу кеп болот — эс алуу канча турат, кантип барууга болот жана андагы тейлөөнүн сапаты.

*Транспорт, керектүү жарак-жабдыктарды кирелөө,  skipass жана түшкү тамак «Кашка-Суу» тоо лыжа базасы тарабынан берилди

1-бөлүк: ЗиЛде эс алуу канча турат?

Баяндоо Kloop.kgнин кабарчысы Эльнура Алканованын атынан жүрөт:

«Кашка-Суу» тоо лыжа курорту «Ала-Арча» улуттук сейил багынан алыс эмес жайгашкан, ал жакка болжол менен 40 мүнөттүн ичинде жете аласыңар. Эгер жеке унааңыз менен барууну чечсеңиз, анда дөңгөлөктөргө бекитүү үчүн чынжыр алып алуу кеңешин берем.

Дем алыш күндөрү эртең мененки саат 9да шаардын борборунан — «Дордой Плаза» соода борборунан — кичи автобус кетет, бирок алдын-ала орундарды ээлеп коюуну эстен чыгарбаңыз.

«Кашка-Суу» базасы аймагында ийне жалбырактуу бактардын көп экендиги менен көрүнүктүү, алардын кооздугу чынында эле делебени козгойт.

Трассанын көпчүлүк бөлүгү дээрлик дайыма тапталбаган таза кар менен капталып турат, бирок бир кемчилиги бар — айрым жерлеринде кары жок,  тазаланган жерлерин учуратууга болот.

Эгер сиз көп кар менен капталган тар жолдордо жүрүүнү жактырсаңыз, анда бул жер дал сиз үчүн деп ойлойм.

Түштө курорттук аймактагы кафеден тамактанып алсаңыз болот. Анда эс алуучуларга комплекстик түштөнүү тамактары сунушталат, бирок ал үчүн сиз алдын ала администрацияга буйрутма калтырып коюшуңуз керек болот.

Эгер сиз өзүңүз ала барган тамак-аш менен түштөнүү уюштурууну кааласаңыз, анда сизге ачык асман алдында бекер үстөлдөр жана эт бышыруу үчүн мангал ижарага берилет.

Иштөө убактысы: 9:00дөн 16:00гө чейин.

Аралыгы: Бишкектен 35 чакырым алыстыкта.

Транспорт: маршруттук такси менен барып келүү 250 сом.

Керектүү жарак-жабдыктардын кире акысы: 650 сом.

Аркан жол (канатка): Чоңдорго — 1000 сом, балдарга — 500 сом.

Түшүүнүн узундугу: максималдуу 1365 м.

Кафедеги орточо чек: 400 сом.

Мейманкана: 900-3800 сом.

Авторлор: Эльнура Алканова жана Азат Рузиев
Видео: Тилек Бейшеналы уулу