Мамлекеттик каттоо кызматы депутаттык номурлардын 120 коплектисин жок кылды. 18-февралга чейин өкмөт мүчөлөрү менен президенттин аппаратынын номурлары алынат.

Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүн мамлекеттик номурлардын 120 коплектисин жок кылып, аларды темир-тезекке жөнөттү. Жок кылынган автоунаа номурлары шрифти, катар номурлары жана тамгаларынын айкалышы боюнча айырмаланып турган жаңы үлгүсүнө алмаштырылат.

Мамкаттоонун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, жакынкы убактарда өкмөт мүчөлөрү менен президенттик аппарат кызматкерлеринин автоунаа номурлары алынат

«Өкмөт мүчөлөрү менен президенттин аппараты KG номурларын 18-февралга чейин өткөрүп беришет», — деди Kloop.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма катчысы Мелис Эржигитов.

000 KG сериясындагы номурлардан баш тартуу тууралуу токтом өкмөт тарабынан 2015-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Демилге парламент депутаттары айрым артыкчылыктарынан баш тарткандан кийин сунушталган.

Эл өкүлдөрү батирлерден, унаалардан, медициналык тейлөөлөрдөн жана курал алып жүрүү укуктарынан баш тартууну убадалашкан, бирок азырынча автоунаа номурларына гана тийиштүү болууда.