Бишкектеги соода борборлордун биринде «Арзандатуунун эки түнү» акциясы болгондугуна байланыштуу Киев көчөсүндө жол тыгын жаралды.

Макаланын түп нускасы Sputnik.kg сайтына чыккан.

Жеринде жүргөн жарандардын айтымдарында, жол тыгын Киев көчөсү жана Чүй проспектисинде Жаш гвардия бульварынан тартып Абрахманов (Совет) көчөсүнө чейин созулган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине Жол кайгул кызматынан аймакта инспекторлор иштеп, бирок үлгүрбөй жатканын билдиришти.

«Унаалар көптүгүнөн улам көзөмөл кылуу мүмкүн болбой жатат», — деди ЖКК батальонунун командири Жээнбек Большевиков.

Ал унаа тыгыны түн оокумага дейре созулушу мүмкүндүгүн кошумчалады.