9-февралда Бишкектин Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде өрт болгон — жеке курулуш компаниясына таандык болгон курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдүн чатырында өрт чыккан. Өрт эки сааттын ичинде толугу менен өчүрүлгөн.

Курулуп жаткан имарат таандык болгон BLS курулуш компаниясынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде учурда алар өрттөн улам келтирилген чыгымдын суммасын эсептеп жаткандыктарын билдирди.

«Турак-жай комплексин эң көп дегенде май айында пайдаланууга беришибиз керек болчу. Чатырын оңдойбуз, ал имаратты пайдаланууга берүү мөөнөтүнө таасир этпейт», — деди BLSтин коммерциялык бөлүмүнүн башчысы.

Анын айтымында, азырынча өрттүн келип чыгуу себептери аныктала элек. Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, болжолдуу версия боюнча өрттүн келип чыгуусуна электр зымдарынан чыккан кыска жалын себеп болгон.

Өрт 9-февралда болгон. Анда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова өрт болуп жаткан жерге барып, журналисттерге имараттын чатырындагы жыгач калкалар күйүп жатканын билдирген.

Өрттү өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бригадасы жана ӨКМдин 30 кызматкери катышып, аны толугу менен эки сааттын ичинде өчүрүп бүтүшкөн.