Kloop.kg Бишкектин айланасындагы тоо лыжа базаларында эс алууга арналган репортаждар сериясын улантат. Бул жолкусунда «Тогуз Булак» базасы тууралуу кеп болот — эс алуу канча турат, кантип барууга болот жана андагы тейлөөнүн сапаты кандай?

I бөлүк: «ЗиЛде» эс алуу канча турат?

II бөлүк: «Кашка-Сууда» эс алуу канча турат?

Баяндоо Kloop.kgнин кабарчысы Эльнура Алканованын атынан жүрөт:

«Тогуз Булак» тоо лыжа базасы Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан, ага чейин болжол менен 40 мүнөттүн ичинде жетүүгө болот. Жол татаал эмес — тик жерлери жок, ошондуктан базага чейин эч кыйынчылыксыз эле жеңил унаа менен жетип алууга болот.

«Тогуз Булакка» чейин кичи автобус дем алыш күндөрү саат 8:00дө «Дордой Плаза» соода борборунун алдынан кетет. Барып-келүүнүн баасы 350 сомду түзөт.

Эгер жолго кетчү акчаны үнөмдөгүңүз келсе, анда Аламүдүн базарынан №318 маршруттук такси менен Тогуз-Булак айылына чейин жетип алып, андан ары базага чейин 20 мүнөттө жөө барсаңар болот.

Эс алуучулардын айтымдарында, «Тогуз Булак» аркан жолго (канатка) кезек күткөндордүн жоктугу менен белгилүү. Тоодон төмөн түшүүдө 9дан 14кө чейинки трассаны байкайсыз.

Аркан жолдун жанынан анча эңкейиш эмес, атайын жабууларсыз кичинекей балдар менен тигирээк тарссадан түшүүнүн алдында машыгып жаткан үйрөнчүктөр муз тээп жаткан жерди тапсаңар болот.

«Тогуз Булактын» трассасы жазы жана кенен — кар кыйла эле көп, бирок анча чоң эмес тайгалак жана тапталган бөлүктөрүн кездештирүүгө болот.

Базанын аймагында жыгач үйлөр жайгашкан — алардын бирөөсүндө кафе бар, анда ортосо түштөнүүнүн баасы болжол менен 250 сомду түзөт. Ысык тамактан сырткары база ижарага ачык асман алдындагы жыгач үстөлдөр менен мангалды сунуштайт.

Иштөө убактысы: эртеден кечке чейин.

Аралыгы: Бишкектен 40 чакырым.

Транспорт: маршруттук такси менен барып келүү 350 сом.

Керектүү жарак-жабдыктардын кире акысы: 600 сом.

Аркан жол (канатка): Чоңдорго — 900 сом, балдарга — 600 сом.

Үйрөтүүчүнүн кызматтары: саатына 800 сом.

Түшүүнүн узундугу:
3000 метр.

Кафедеги орточо чек: 250 сом.

Мейманкана: 500-2000 сом.

Видео: Александра Ли, Хлоя Гейне