Ырчы Кайрат Примбердиев Бишкектеги маршраттук таксилердин биринде ырдады. Ал «Поездеги махабат» ырынан үзүндү аткарып, жүргүнчүлөрдү өзүнүн жеке концертине чакырды.

Видео «Маршруткадагы махабат» деген аталыш менен «Фэйсбукка» 15-февралда жарыяланды. Анда ырчы Кайрат Примбердиев «Поездеги махабат» ырындагы поезд деген сөздү маршрутка деп өзгөртүп, ырдын үзүндүсүн аткарган.

Примбердиев маршруткадагылардын кол чабуусунун коштоосунда андагы жүргүнчүлөрдү 19-февралда боло турган жеке концертине чакырган.

«Мен Кайрат Примбердиев. Кокустуктан телефонго тартып калышты. 19-февралда Спорт Ордосундагы концертиме келгиле. Баарыңыздарды чакырам», — деген ырчы.

Примбердиев Орусиянын «Главная сцена» шоусуна катышкандан кийин кеңири атактуулукка ээ болгон. Кыргыз ырчысы башка 11 катышуучу менен бирге программанын финалына өтө алган.

«Абдан уккулуктуу тембр. Өтө сонун угулду», — деген анда калыстар тобунун мүчөсү, орусиялык ырчы Валерий Леонтьев.