Ар жума сайын тандыр нан жасап саткан Розимухаммад Юсупов тандырын эки саат кароосуз калтырып, жума намазын окуганы кетет. Ал маалда сатып алуучулар акчасын калтырышып, нан сатып алууларын уланта беришет.

Kloop.kgнин кабарчылары наабайчы менен таанышуу үчүн Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишине барышканда анын тандырды кароосуз калтырып, мечитке кеткени жатканын көрүштү.

Розимухаммад Юсупов ар жума күн сайын ушундай кылат — намаз окуганы кетип, тандырын кароосуз калтырат. Ал жокто келген сатып алуучулар дептердин барагына жазылган «Мында эч ким жок, баары мечитке кеткен» деген жазууну көрүшөт.

Келген кардарлар тартынбастан эле керектүү сандагы тандыр нанын алып, ар бири үчүн 20 сомдон калтырып кетишет. Дептердин жанында калемсап бар, кардарлар аны менен канча суммага канча нан алгандыктарын жазып коюшат.

«Мен тандыр нандарды адамдарга эмес, а Кудайга ишенген үчүн калтырып кетем. Уурдаган учурлар болгон, кээ бирде аларды кармап алып, Кудайга ишенүү керектигин, эгер акчаңар жок болуп, ачка болсоңор нанды өзүм деле бере тургандыгымды айткам. Андан кийин уурдабай калышты», — деди Юсупов.

Анын тандыры таңкы алтыдан кечки бешке чейин иштейт, бирок буйрутмалар көп болгон айрым учурларда аны менен үй-бүлөсүнө таң атканча иштөөгө туура келет.

«Мен 24 жаштамын, бала кезимен бери нан сатам. Кийинчерээк өзүм жасап сатып баштадым. Башка көптөгөн адамдардай эле ордум үчүн ижара төлөйм», — деди наабайчы.

Юсуповдун туруктуу сатып алуучуларынын бири Чолпонбай Кандаралиев кээ бирде нан менен самсаны карызга ала тургандыгын мойнуна алды.

«Мен дайыма ушул жерден сатып алам. Бир жолу неберем самса жегиси келип аны [карызга] алып бергем, а акчасын кийин бергем», — деди ал.

Автор: Азамат Каработоев
Со-автор: Yсөн Сүйүтбеков