Аялдардын укуктары жана бирдей мүмкүнчүлүктөрү үчүн өткөн майрамдык жүрүшкө 80ге жакын киши катышты. Феминисттер өз укуктарын гүлдөр менен таттууларга алмаштырбоого чакырышты.

Катышуучулар жүрүштү 7-мартта «Россия» кинотеатрынын алдынан башташып, алгач Курманжан Датканын эстелигине, андан соң активист Уркуя Салиеванын эстелиги орнотулган аянтка багыт алышты.

«Ал жерлер кокустан тандалып алынган жок, алар Кыргызстандын жашоосунда кыйла маанилүү саясий роль ойногон аялдар», — деп түшүндүрдү жүрүштүн уюштуруучуларынын бири Айзат Шакиева.

Майрамдык жүрүш аялдарга жасалган зомбулуктарга каршы акциялары, Pussy Riotты колдоп өткөргөн митингдери жана мектеп окуучулары үчүн репродуктивдүү саламаттык боюнча лекцияларды окуп келгендиги менен билгилүү «Бишкек Феминисттик Демилгелер» кыймылы тарабынан уюштурулган.

Майып кыздардын «Назик кыз» уюмунан Үкей Мураталиева 8-мартта баарынан да гүл саткан дүкөндөр менен таттуу саткандардын гана иштери жакшы жүрөт деп эсептейт. Анын айтымында, ал күнү таттууларды сатып бербестен, аялдар менен кыздардын укуктарын эске салуу керек.

«Биз гендердик теңдикти, аялдар менен кыздардын жашоонун бардык тармагында бирдей катышуусуна жетишүүнү каалап жатабыз», — деп колдоду аны Шакиева.

Жүрүштүн дагы бир катышуучусу, 10-класстын окуучусу Жаныбек Айжан кызы аялдардын укуктары тууралуу жылына бир гана жолу эмес, а тез-тез айтып туруу керек деп эсептейт.

«Аялдарды гүлдөр, белектер менен куттуктоого болот, бирок ал 8-мартта гана болот. А эгер бул сыяктуу жүрүш уюштурулса алар бир гана күнү эмес, а негизи эле чынында кандай болушу керектигин билип алышат», — деди ал.

Жүрүшкө бишкектик активисттерди колдоо үчүн келишкен Алматынын «Казфем» кыймылынын феминисттери дагы катышышты.

«Тилекке каршы, Казакстанда биз мындай жүрүштөрдү жасай албайбыз, ошондуктан тилектештигибизди билдирүү үчүн бул жакка келдик. Бул азыр айтып жүрүшкөндөй бүткүл дүйнөлүк назиктиктин эмес, а өз укуктары үчүн күрөшүү майрамы», — деди казакстандык Арина Синовская.

Автор: Бактыгүл Ракымбаева