Kloop.kgнин кабарчысы жергиликтүү жашоочу Айгүл эже кантип үй шартында самын кайнатууга боло тургандыгы жөнүндө айылдаштарына айтып берген Чүй облусунун Кызыл-Суу айылында болуп кайтты.

Дары чөптөрдүн негизинде үй шартында самын кайнатуу үчүн алдын ала чогултулуп, кургатылган чөптү отко күйгүзүп, анын күлүн алуу керек. Күл майдын касиеттерин жоё турган тундурма пайда болгонго чейин кайнатылат.

«Күлдү биз сууда ширелентип, алгачкы тундурма алабыз — ал шакар. Ал шакарды майга кошуп, үч саат кайнатабыз», — деди Айгүл.

Тунма пайда болгондон кийин күлдү алып, а сууну элек аркылуу чыпкалашат.

Ал ортодо казанга күлдөн чыпкаланган суу кошулган май кайнатылат.

Салттуу түрдө самынды даярдоо үчүн кыргыздар күйгүзүлгөн дары чөптөрдүн күлдөрү кошулган койдун майын пайдаланышат. Самын кайнаткан Айгүл эженин айтымында, өсүмдүктөрдү белгилүү бир убактарда — гүлдөп жатканда — жана тоолуу жерлерде гана чогултуу керек.

«Чөптөр тоолордо чогултулат, жолдордун жээгиндегилер болбойт, анткени аларда пайдаланылып бүткөн газдар бар», — деди ал.

Май менен күл аралашма коюланып, көбүктөнгөнгө чейин кайнатылат. Андан кийин даяр аралашмага эфир майы менен чөптөр кошулат.

Андан соң самынды калыптарга куюп, анын катышын күтүү керек. Ал үчүн калыптар караңгы, салкын жана кургак жерге коюлат. Самындын катуу процесси бир суткадан кем эмес убакытты талап кылат.

Айгүл самын кайнатуу менен бир нече жылдан бери алектенет. Ал дүкөндөн сатылып алынган самынга караганда химикаттарды колдонбостон үй шартында кайнатылган самын адамдын ден соолугуна пайдалуураак деп эсептейт.

Видеодо «Аманат Омур» коомдун фондунун материалдары пайдаланылды