Президент Алмазбек Атамбаев 12-мартта өткөн ишембиликтин жүрүшүндө Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин билдирди. Андан сырткары ал мураскер даярдабай тургандыгын ырастап, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жаңы жетекчиси Улан Исраилов тууралуу айтып берди.

12-мартта Бишкектин ботаникалык багында өткөн ишембиликтин жүрүшүндө Атамбаев жарым саатка жакын журналисттер менен сүйлөшүп, бир нече билдирүү жасады. Kloop.kg сиздер үчүн президенттин эң кызыктуу билдирүүлөрүн тандады.

Конституцияны өзгөртүү тууралуу

Атамбаев Конституцияны өзгөртүү керектигин билдирди.

«Конституцияга өлкө кайрадан кландык, үй-бүлөлүк системага, коррупцияга барбайт деген кепилдиктерди бере турган кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл», — деди ал.

Ошол эле маалда президент Конституцияга өзгөрүүлөрдү киргизүүнү сунуштаар менен анын дарегине айтыла турган айыптоолордон чочулоодо.

«Көпчүлүгү Атамбаев өзүнө ылайыкташтырып жатат деп айтышы мүмкүн, ошондуктан менде [Конституцияга] тийүү каалоом жок, бирок качан ал миналар [Конституциядагы өзгөртүү керек болгон нерселер] жарылганда силер: «Атамбаев билген да, эмнеге андай кылган эмес?», айтасыңар. Кайра эле мен күнөөлүү болуп калам», — деди президент.

Президенттин айтымында, азыр Конституциянын кыргыз жана орус тилдериндеги версияларында дал келбеген жерлер бар. Ал ошондой эле андагы президент менен премьер-министрдин ыйгарым укуктары ортосундагы карама-каршылыктарды эске салды.

«Бизде жаш президент менен жаш премьер-министр болуп калганын элестетсеңер. Эгер бир нерсе бөлүшө албай калса алар Африкадагыдай болуп өз ара согуш ачышы мүмкүн», — деп эсептейт ал.

Атамбаев парламент менен элди Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө көндүрүүгө аракет кыла тургандыгын билдирди.

Мураскер тууралуу

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл тогуз ай калды. Ал президенттикке же башка жетекчилик орундарга аттанбастыгын, ошондой эле өзүнөн кийин мураскер калтырбай тургандыгын билдирди.

Өлкө башчысы эгер ал мураскер калтыра турган болсо, анда Кыргызстан демократиялык өлкө болбой калат деп эсептейт.

«Президент катары мен өзүмдүн ордума кимдир бирөөнү калтырып, дайындабашым керек, аны эл тандашы керек […] Бизде мураскерлер, дайындалгандар, үй-бүлөлүк башкаруу болбошу зарыл», — деди ал.

Атамбаев таза жана адилеттүү президенттик шайлоо өткөрүүгө аракет кыла тургандыгына ишендирди.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жаңы жетекчисинин дайындалышы тууралуу

10-мартта Атамбаев Улан Исраиловду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчылыгына дайындаган. Ал дайындалгандан кийин оппозициялык активист Адил Турдукулов Исраиловдун эч качан жетекчилик кызматтарда болбогондугун жана бул кызматка «Атамбаевдин жансакчысы болгондуктан» гана дайындалганын айткан.

«Исраилов милицияда жетекчилик кызматта бир дагы күн иштеген эмес, ал эмес ыйгарым укуктуу улук ыкчам кызматкерине чейин жеткен эмес, бирок дароо ушундай секирик жасады», — деген ал.

Атамбаев Исраилов менен тааныш экенин танган жок, бирок Турдукуловдун Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жаңы башчысы эч качан жетекчилик кызматтарда болгон эмес деген сөздөрүн четке какты.

Президент буга чейин Исраилов РИИБде 300-400 кызматкерди, андан соң ИИМде андан да көп адамдарды башкарганын айтты. Ал анын Исраиловду дайындоо тууралуу чечими Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жаңы башчысы «чынчыл адам» экендигине гана байланыштуу экенин белгиледи.

«Мен Улан Исраиловду жакшы билем, биз бирге иштегенбиз. Ал чынчыл киши. А Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сыяктуу жерлерге чынчыл адамдарды дайындоо керек», — деди ал.