Петербургдук музыкант Гуша Катушкиндин Бишкектеги жалгыз концерти үч сааттан ашык убакытка созулду. Интернетте жайылган ырларынын аркасы менен белгилүүлүккө жеткен ырчы чыгармаларын борбордогу «Чемодан Зусмановича» барынын сахнасында аткарды.

Гуша Катушкин Бишкекте 12-мартта ырдады. Бардын анчалык чоң эмес имараты угармандарга толду.

Тыныгууларды эске албаганда ырчынын концерти үч сааттан ашык убакытка созулду: ал чогулгандарга өзүнүн «Тоткогонебыло» аталышындагы жаңы альбомундагы ырларды, ошондой эле концертке келгендер суранган чыгармаларын аткарып берди.

DSC_4259_web

Концерттен кийин каалоочулардын бардыгы тең ырчы менен сүрөткө түшүп, анын ырлары жазылган дисктерди алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Видео 360°: Гуша Катушкин — Эхо тысячи вокзалов

Гуша Катушкин анын одессалык акын Ес Соянын сөзүнө жазылган «Эхо тысячи вокзалов» ырынын аягына чейин иштелип бүтө элек варианты интернетке жарыялангандан кийин белгилүү болуп калган. Ал харьковдук ырчы Мария Чайковская менен биргеликте аткарылган.

Андан кийин ал телевидениеге, анын ичинде «Вечерний Ургант» шоусуна чыккан.

Видео: Гуша Катушкиндин Бишкектеги концертинин экинчи бөлүгү

Видео: Азат Рузиев, Александра Ли
Сүрөт: Максим Ногай