Бир жыл мурда дарыгерлер Майрамбү Календерованын өпкөсүнөн «тешиктерди» табышкан, бирок операция жасатууга анын акчасы жок. Ал төрт баласы менен Бишкектин четиндеги эски вагондо жашайт.

Майрамбү Календерованын үй-бүлөсү дат баскан эски вагондо жашайт. Анын ичи бош — ашкана буюмдары, кечинде көрө турган кичинекей телевизор. Электр жарыгын Календерова өзү тарткан.

IMG_0872

Анын төрт баласы бар. Улуусу 18 жашта — ал ар түрдүү жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүнө жардам берет. Андан сырткары анын кичинекей кезинде дудук болуп калган 15 жаштагы майып кызы бар.

«Кызым — майып, окубайт. Кичинекей кезинде жыгачтын чамындысын жутуп алган, ошондон бери сүйлөбөйт. Мурда жөлөкпул алуу үчүн документтерди топтоп жүргөм, бирок кийин [документтерди] жоготуп алып эми азыр акча албайм. Менин пенсияма жашап келебиз — 3500 сом», — деди Календерова.

Жалгыз бой эне шыбырап сүйлөйт — бир жыл мурда дарыгерлер вагондогу дайыма сакталып турган нымдуулуктан улам анын өпкөсүнөн «тешиктерди» табышкан.

IMG_0887

Дээрлик акчанын бардыгы тең дары менен тамак-аш сатып алууга кетет.

Календерова үч жыл мурда жесир калган. Андан бери анын жашоосу кескин начарлап кеткен.

«Биз [үйдө] жашап жүргөндө жолдошум ооруп калды. Анын геморройу бар экен. Ал тууралуу мага айткан эмес болчу. Биз аны дарыгерге көрсөткөнүбүздө ал көп кан жоготуптур», — деди ал.

Анын үй-бүлөсүндө ным жыттанбаган үй сатып алмак түгүл андай батирге чыгууга да акчасы жок, ошондуктан алар вагондо жашоосун улантып келишет.

Видео: Азат Рузиев
Сүрөт: Дастан Үмөттегин