Курут, талкан, бозо, ичеги — бул тамактардын көбүн Кыргызстандын бардык аймактарында сүйүп жешет, башкалары болсо Бишкекте экзотикадай сезилет. Kloop.kg кыргыз ашканасынын жогоруда аталган тамактарын биринчи жолу жеп көргөн чет өлкөлүктөрдүн аларга кандай реакция жасай тургандыктарын билди.

Тема боюнча: Чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанда эмнелер таң калтырат?

Кыргыз тамактарын биринчи жолу жеп көргөн чет өлкөлүктөргө баарынан да каймакка көөлөнүп, шекер кошулган талкан жакты.

«Бул абдан жакшы экен, мага жакты», — деди Кореядан келген Чихун.

Америкалык Марк буга чейин жеп көргөн ичеги менен карынга караганда талкан көбүрөөк жакканын айтты.

«Эгер Кыргызстанда жашап кетем десең десерттер менен гана тамактанууга туура келет го деп ойлойм», — деди ал.

Курут видеонун каармандарынын көбү үчүн өзгөчө даамга ээ. Айрымдары аны буга чейин жеп жүргөн сырларга салыштырууга аракет кылышты.

«Мунун даамы мен үчүн пармезан кургак сырыныкына окшоп жатат», — деди АКШдан келген Стив.

Кореядан келген Чихунга курут чечил сырын эске салды.

Чет өлкөлүктөрдү баарынан да ичеги-карын таң калтырды. Алардын жыты видеонун каармандарын өзүнөн алыстатып, айрымдары аны жеп эмне кереги бар деп таңданышты.

«Бул колбасадай көрүнөт экен, бирок мага анын ичиндегиси жаккан жок», — деди Марк ичеги тууралуу айтып.

Ооганстандан келген Адибеге карын «даамсыз» көрүндү, а Чихунга анын даамы жытына караганда жакшы сезилди.

«Жыты өтө күчтүү, жагымсыз болгон, мен даамы анча эмес го деп ойлогом, бирок нормалдуу эле экен», — дейт ал.

Кыргыздардын улуттук тамак-аштары негизинен эт, ун жана сүт азыктарынан жасалат. Алар өтө тез даярдалат жана адамды ток алып жүрөт. Салттуу кыргыз ашканасында жер-жемиштер, жашылчалар, балык жок.

Илгери кыргыздар көчмөн эл болушкан жана аларда түшкүгө же кечкиге деп атайын бөлүп тамак жасоого убактылары болгон эмес — алар дароо эле бир күнгө жеткидей кылып жасап келишкен. Көбүнчө эт куурулбайт, анткени эттин бышырылганы кыйла пайдалуураак деп эсептелинет.

Байыртан эле кыргыздарда жылкы менен кой эттери бааланат.

Автор: Толгонай Тургазиева
Соавтор: Айдана Канатбек
Видео: Александра Ли, Азамат Каработоев