Kloop.kgнин кабарчысы такси айдоочусу тарабынан жүргүнчүгө кол салуу учуруна күбө болду. «Намба такси» кызматынын айдоочусу кардары менен айтыша кеткенден кийин аны темир союл менен уруп жиберүүгө аракет кылды.

Эскертүү: Видеодо адепсиз сөздөр бар

Окуя 31-мартта кечки саат 21:00дө болду — такси айдоочусу Kloop.kgнин кабарчысы менен анын таанышын жеткирип бара жаткан маалда ортодо сөз чыгып, ал өз жүргүнчүлөрүнүн сырткы келбетине жана улутуна асылып баштаган.

Журналист Эльнура Алканованын айтымында, айдоочу жүргүнчүлөрүнүн өзүн сылык жана адептүү алып жүрүү өтүнүчүнө көңүл бурбастан, аларга орой жооп берген.

Алканова такси айдоочусунун аракеттерин телефонго тартып баштаган, бирок тигил анын колуна түртүп, телефонун түшүрүп жиберген.

«Анан айдоочу унааны дароо токтотуп, темир союл көтөрүп сыртка чыкты. Мен да сыртка чыгып телефонумду жандырууга аракет кылдым, ошол маалда айдоочу досумду арматура менен урууга аракет кылды. Досум аны кучактап, колдорун кыймылдатууга мүмкүндүк берген жок, мен барып арматураны жулуп алдым», — деди ал.

Окуядан кийин жүргүнчүлөр милицияга кайрылышып, такси айдоочусуна каршы арыз жазышты.

«Намба таксинин» башкы директору Улукман Карабукаев Kloop.kgге компания кызматтык териштирүү жүргүзүп жатканын айтты.

«Namba Taxi муну чектен чыккан окуя деп эсептейт жана тиешелүү органдарды тартуу менен кылдат териштирүү жүргүзүүгө аракет кылат. Аны менен катар Namba Taxi компаниясы окуянын кандай болгонун так аныктоо үчүн бардык колдон келген жардамын берет. Биз Kloop.kgнин редакциясы менен байланышта болобуз жана териштирүү иштеринин жүрүшү тууралуу ыкчам маалымат берип турабыз», — деди ал.