Парламент депутаттары «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзамдын өзгөртүлгөн текстин экинчи окууда карашты. Анын кабыл алынышын колдоп 108 парламентарийдин 73ү добуш беришти.

Депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен «чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоорунун өзгөртүлгөн тексти экинчи окууда кабыл алынды. Анын кабыл алынышы үчүн 73, каршы 35 эл өкүлү добуш беришти.

Мыйзам долбоорун тааныштырган юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева коммерциялык эмес уюмдар ишмердүүлүгүнүн түрү боюнча бөлүнбөй турганын билдирди.  

Анын айтымында, Юстиция министрлиги үчүн уюмдардын уставында көрсөтүлгөн ишмердүүлүк менен алектениши маанилүү. «Өзүлөрүнүн уставдык ишмердүүлүктөрүнө ылайык алектене беришсин», — деди министр.

12-апрелде парламенттин конституциялык мыйзамдар комитети чет элдик тыңчылар мыйзамынын өзгөртүлгөн долбоорун экинчи окууда кабыл алууну сунуштаган.

Жаңы версиясында мыйзам долбоорунун төрт беренесинин экөөсү гана калган. Документтин жаңыланган версиясы учурдагы коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамды «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар» деген аныктама менен толуктап, ал уюмдарга жыл сайын каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу өз сайтына отчетторун жарыялап турууну сунуштайт.

Депутаттар башка мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын сыртында түзүлгөн жана уюмдаштыруучусу мамлекеттик органдар болбогон коммерциялык уюмдарды чет элдик деп атоону сунуштап жатышат.

Уюмдар өзүлөрүнүн жылдык отчетторунда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүлөрү керек болот:

  • уюмдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу;
  • анын акча каражаттарын жана мүлктөрүн түзүүнүн булактары тууралуу;
  • уюмдун штатынын саны жана жетекчилери тууралуу;
  • уюмдун мүлктөрү менен каржы ресурстарынын пайдаланылышы тууралуу.

«Чет элдик агенттерден» баш тартышты

Мыйзам долбоорунун жаңы версиясында депутаттар менен Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда чоң талаш-тартыштарды жараткан нормалар жок. Акыркылар биринчи кезекте депутаттар тарабынан сунушталган «чет элдик тыңчы» туюндурмасынан улам мыйзам долбоорун басмырлоочу мыйзам долбоор деп атап келишкен. Парламентарийлердин сунуштарына ылайык, «чет элдик тыңчылардын» катарына «саясий ишмердүүлүк менен» алектенген жана чет өлкөлөрдөн каржыланган чет өлкөлүк дагы, ошондой эле кыргыз уюмдары дагы киргизилмек.

Андан сырткары мыйзам долбоорунун буга чейинки версиясы коммерциялык эмес уюмдарды Салык инспекциясы менен Социалдык фондго отчет берүүдөн сырткары Юстиция министрлигине да кошумча отчет берүүгө милдеттедирүүнү сунуштаган.

Эл аралык Коммерциялык эмес укук борборунун директору Ноокат Идрисов мыйзам долбоорунун жаңы варианты да «демократиялык стандарттарга жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүктөрүн көзөмөлдөө принциптерине каршы келет» деп эсептейт.

«Аны менен катар мунун «эки жаман варианттын жакшыраагы» экенин мойунга алуу керек, анткени мыйзам долбоорундагы бардык чуулуу нормалар өчүрүлгөн», — деп билдирди Идрисов.

«Жарандык катышуу» коомдук фондунун директору Эркина Убышева коммерциялык уюмдар өзүнүн каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу кошумча отчет бериши керектигинин себептерин көрбөй эле.

«Башка өлкөлөрдө мындай отчет бериши керек деген норма бар, бирок ал өзгөчө уюмдардын тобуна гана — мамлекеттен белгилүү бир жеңилдиктерди, мисалы, салык төлөөдөгү жеңилдиктерди алган уюмдарга тийиштүү. Жеңилдиктерди пайдаланып жаткандан кийин сөзсүз аларга татыктуу экенин далилдөөгө милдеттүү да», — деди Убышева Kloop.kgге курган маегинде.

Бирок ал Кыргызстан коммерциялык эмес уюмдарга мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдиктер берилбегендигин жана алар салыктарды бардык башка уюмдар сыяктуу эле төлөй тургандыктарын айтты.

«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоору

«Чет элдик тыңчылар» тууралуу мыйзам долбоору өткөнкү — бешинчи чакырылыштын депутаты Турсунбай Бакир уулу тарабынан 2014-жылдын июнунда сунушталган. Анын тексти Орусиянын парламенти тарабынан 2012-жылдын жайында кабыл алынган ушундай эле мыйзамдын тексти менен дээрлик толук дал келген.

Мыйзам долбооруна ылайык, «саясий ишмердүүлүк» менен алектенген жана чет өлкөлөрдөн каржыланган коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик тыңчы» макам алуулары керек болчу. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев «саясий ишмердүүлүккө» так аныктама бере алышкан эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоорунун идеясын 2014-жылдын ноябрында колдогон, бирок документ боюнча акыркы көз карашын анын парламентте жактырылган версиясын көргөндөн кийин гана билдире тургандыгын бир нече жолу билдирген.

Кыргызстандын бир канча бейөкмөт уюмдары мыйзам долбооруна каршы болушуп, «чет элдик тыңчы» макамын «кемсинтүү» катары баалашып, президентке «тирешүүнүн ордуна кызматташууну» сунушташкан.

А 2015-жылдын майында КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн 28 укук коргоо уюмунан турган топ кыргыз депутаттарын мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышкан. Алардын айтымдарында, документтин кабыл алынышы Кыргызстандагы жарандык коомчулукка «олуттуу коркунуч» жаратат.

Трансляция: Азамат Каработоев