15-апрелде Бишкекте Орусиянын «Искушение» бий театры жамгыр алдындагы «Мени менен сенин ортоңдо» деген аталыштагы шоусун тартуулады. Санкт-Петербургдан келген эркектер жамааты Спорт ордосунда бир жарым саатка созулган концерт койду.

«Искушение» бий театры Орусиянын бийчилери, гимнасттары жана акробатика боюнча чемпиондорунан турат. Эркектерден турган жамааттын жетекчиси Санкт-Петербургга 2001-жылы барган Рустам Надыршин болуп эсептелет.

IMG_5726

IMG_5760

Театр жетекчисинин айтымында, «Мени менен сенин ортоңдо» шоусу андагы бийлердин суу агымынын алдында аткарылганы менен уникалдуу. Надыршин төгүп турган жамгыр системасын өз алдынча иштеп чыккан.

IMG_6003

IMG_6009

Бир жолку концерт үчүн бир тонна суу кетет, кийин ал полдо 10-15- сантиметрлик суу катмарын пайда кылат. Номурлардын алдында сахнага атайын тайгалантпай турган линолеумдар төшөлөт.

IMG_5781

IMG_5787

Шоунун программасын 10 кишинин аткаруусундагы хореографиялар жана театр курамындагы жалгыз актер Александр Миловидовдун жалгыз монологу түзөт.

«Кээ бирде мен сезимдеримди сөз менен айтып түшүндүрө албайм, ошондуктан менин монологуман кийин бийчилер хореография аркылуу көрүүчүлөргө ал сезимдерди, маанайларды жана эмоцияларды жеткиришет», — деди актер.

IMG_5716

IMG_5791

Надыршин жалаң гана эркектерден турган жамаатта иштөө жеңил деп эсептейт.

«Учуу маалдарында эч ким даттанбайт, бардыгы тең сааттап бийлешип, туруктуулук менен эмгектенишет», — деп белгиледи ал.

IMG_5863

IMG_5877

IMG_5886

IMG_5935

Бий театры Бишкекке жаңы программасы менен 2017-жылдын февралында келүүнү пландап жатат.

Видео: Дастан Үмөттегин
Монтаж: Азат Рузиев