Жол кайгуул милициясы менен жол инспекциясы каттамдык маршруттук таксилердин айдоочуларынын арасында рейд өткөрүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция маршруттук таксилер жүргүнчүлөрүн жаткырып алып ташый тургандыктарын аныктады.

Рейд 27-апрелде батыш автобекетинде өттү — текшерүүнүн жүрүшүндө милиционерлер менен инспекторлор маршруттук таксилердин айдоочуларынын аймактар аралык каттамдарды аткарууда документсиз иштей тургандыктарын аныкташты.

Башкы мыйзам бузуу — Бишкек - Баткен каттамындагы маршруттук таксилердин отургучтарынын жоктугу болду. Алардын айдоочулары транспорт каражаттарын өз алдынча өзгөртүп жасашып, отургучтардын ордуна 12-15 киши жатып алып кете турган тапчандарды орнотуп алышкан.

Жол кайгуу милициясынын техникалык бөлүмүнүн башчысы Белек Алымов техникалык паспорту боюнча маршруттук таксиде отургучтар болушу керектигин айтты.

«Алар көбүрөөк киши алуу үчүн отургучтарын алып салышат. Анын эмнеси кооптуу? Катуу келе жатып дароо токтогондо адамдар жаракаттарды алуулары мүмүндүгү менен кооптуу», — деди ал.

Алымов маршруттук таксилерди мындай кылып жасап алуу автоунаа траспорту тууралуу мыйзамды буза тургандыгын кошумчалады. Ал мыйзамга ылайык, жүргүнчү ташуучулар жүргүнчүлөрү үчүн коопсуздукту камсыз кылып бериши керек.

Айдоочулардын өзүлөрү унааларын жасап алгандыктарын жүргүнчүлөр Бишкектен чоң жүктөрү менен кетишип, алар унаанын жүк салуу бөлүмүнө батпай тургандыктары менен түшүндүрүштү

«Эгер биз тапчандарды койбосок, анда Лейлекке жүк ташый албай калабыз. А эгер жүк албасак болгону 7 гана киши батып калат. Ал 7 миң сом болот, бизге ал жетпейт. Ал акча соляркага эле кетип калат», — деди маршруттук такси айдоочусу Замирбек Шадиев.