АКШ президенти Барак Обама менен анын жубайы Мишель Обама канзаада Гарриге алдыдагы «Багынбагандардын оюндарына» чакырык ташташты. Королдук үй-бүлө чакырууну кабыл алды.

Жубайлар Барак жана Мишель Обамалар майып аскерлердин алдыда өтө турган Invictus Games (Багынбагандардын оюндары — ред. түшүндүрмөсү) оюндарына байланыштуу канзаада Гарриге чакырык жасашты.

Мишель Обама «Эй, Кенсингтон хан сарайы (Улуу Британиядагы монархтардын расмий резиденциясы, — ред. түшүндүрмөсү), оюнга даярсыңарбы?» деген твит жарыялап, анын төмөн жагына видеокайрылуусун тиркеген.

«Эй, канзаада Гарри, бизди Invictus Gamesке катышууга чакырганың эсиңдеби?», — деп айткан видеодо Мишель Обама.

Анын жанында турган Барак Обама «Абайла» деп кошумчалайт, а артындагы офицер микрофонду «Бум» деген үн менен ыргыткандай түр көрсөтөт.

Элестетилген микрофонду ыргытуу — адам сөз аяктагандыгын жана анда ал жеңүүчү болуп чыкканын көрсөткөн популярдуу мем. Мем өзгөчө рэп маданиятында кеңири жайылган.

Эки сааттан кийин королдук үй-бүлөнүн твиттер-аккаунтунда канзаада Гарринин жооптуу видеосу пайда болду.

«Мишель жана Барак, тилекке каршы (силер үчүн) видеону жөнөткөнүңөрдө мен жалгыз эмес болчумун», — деп жазылган жооптоо.

Видеодо канзаада чоң энесине — ханыша Елизавета IIге — мелдештер тууралуу айтып жатканы тартылган. Ошол маалда ага Мишель Обама телефон чалып, анын видеокайрылуусу пайда болот.

Жооп катары Елизавета II күлүмсүрөп, болгону «Дагы көрөбүз» деп гана айтат, а Гарри болсо микрофон ыргытып жаткан түр көрсөтөт.

Алгачкы Invictus Games 2014-жылы Лондондо өткөн. Оюндардын уюштуруучусу канзаада Гарри болгон.

Бул жолкусунда мелдештер 8-майдан 12-майга чейин, АКШнын Орландо штатында өтөт. Ага АКШ менен Улуу Британиядагы майып аскерлер катышышат.