Бишкектин четинде «Топоз» аталышындагы кыргыз тракторлорун кураштырган өлкөдөгү жападан жалгыз завод иштейт. Анда «Ламборгининин» кыймылдаткычтарынын базасында трактордун алты түрлүү үлгүсү кураштырылат.

Алгачкы  ата мекендик «Топоз» деген тракторду кураштыруу менен «Дыйкан Плюс» компаниясы алектенет. Анын заводу Бишкектин четинде жайгашкан.

Компаниянын жетекчиси Улар Оморов тракторлордун бардыгы тең колго кураштырыла тургандыгын айтты.

«Бизде «Дойц Фар» компаниясынан тракторлорду кураштырууга лицензиябыз бар, алар ошондой эле бизге алдыңкы жана арткы иштеткичтердин тетиктерин жеткирип берип турушат», — деди ал.

Кыймылдаткычтар Lamborghini автозаводу тарабынан жеткирилип турат — кыргыз заводу италиялык компания менен кызматташуу тууралуу беш жылдык мөөнөткө келишим түзгөн.

«Дыйкан Плюстун» директору Улан Адамалиев кыймылдаткычтарды Кыргызстанда деле өндүрсө болорун айтты.

«Кыймылдаткычтарды чыгаруу боюнча заводдорду ачып койсо болот, бирок ал үчүн бизде тиешелүү лицезияларыбыз жок», — деп түшүндүрдү ал.

Трактордун калган бөлүктөрү ата мекендик заводдордон алынат. Айнектери Токмоктогу айнек заводдон, а кыймыл берүү коробкасы Жалал-Абаддагы заводон.

«Биздин заводдор тракторлорго керектүү болгон тетиктерди өндүрүшөт, бирок кеп алардын сапатында. Продукциялары европалык сапаттын стандарттарына жооп берген ишканалар аз» — деди Адамалиев.

Заводдо автоматташтырылган системалар жок — тракторлор колго кураштырылат. Бирөөсүн кураштырууга үлгүсүнө жараша 6 сааттан 48 саатка чейинки убакыт кетет. Даярларынын баалары 3 миңден 18,5 миң долларга чейин жетет.

«Топоз» — Кыргызстанда өндүрүлгөн алгачкы трактор. Долбоор 2010-жылы башталган, бирок алгачкы трактор 2014-жылы гана чыгарылган.

«Качандыр бир кездерде кыргыздар оор жумуштар үчүн топоздорду пайдаланышкан. Эми ал жаныбарлардын ордуна техника келди, ошондуктан ушул аталышты тандап калдык», — деди Улар Оморов.

Видео: Азат Рузиев