Өткөн дем алыш күндөрү өткөн Ashu Grand Prix аталышындагы эл аралык веломелдешке Казакстандын, Германиянын, Грузиянын жана Кыргызстандын 47 велосипедчиси катышты.  

Жыл сайын өтүүчү жана өз ичине велотур менен веложарышты камтыган Ashu Grand Prix 28чи жана 29-май күндөрү Чоң-Кемин районунун Калмак-Ашуу жергесинде болду.

Быйыл мелдеш Кыргызстандын гана эмес, а коңшу Казакстандан, ошондой эле Германия менен Грузиядан келген катышуучуларды да чогултту.

Спорттук мелдештер эки бөлүктөн турду: 35 чакырымдык трассадан өтүү жана тоодо 41-42 чакырымдык аралыктагы веложарыш.

Эркектер арасында биринчилерден болуп марага Валерий Копытин жетти. Ал аралыкты 21 мүнөттүн ичинде өтүп, мелдештин жеңүүчүсү деп табылды. Кыз-келиндердин арасында 53 мүнөттүн ичинде марага жете алган Екатерина Степанова биринчи болду.

«Велосипедге мен өткөн жылы, жумушка барып келип туруу үчүн отургам. Анан билинбестен эле тоого чейин тээп баштагам», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Веложүрүштүн катышуучуларынын бири Юлия Фернас Kloop.kgге курган маегинде Ashu Grand Prix жарышына 2014-жылдан бери катышып келе жатканын айтты. Ал алты айлык боюнда бар экенине карабастан башка велосипедчилер менен быйыл да жарышка түшкөн.

«2014-2015-жылдардагы велоспорттордо биринчи орундардын баары дээрлик меники болчу. Бирок быйыл веложарышка катышкан жокмун, болгону велотурга катыштым, анткени августтун аягында келчү жагымдуу кереметти күтүп жаткан чагым», — деди ал.

Спорттук иш-чаранын уюштуруучусу Елена Полченкова Kloop.kgге Ashu Grand Prix Кыргызстанда бешинчи жолу өткөрүлүп жатканын билдирди.

«Биз иш-чараны жыл сайын жаздын аягында же жайдын башында өткөрүүгө аракет кылабыз. Датасын башка спорттун иш-чараларга туура келип калбагандай кылып тандайбыз», — деди ал.

Полченкованын айтымында, быйыл иш-чарага жалпысынан 47 велосипедчи катышты.

Материалдын жана видеонун автору: Азамат Каработоев
Сүрөт: Ashu Grand Prix мелдешинин расмий баракчасы