Жер алдындагы түтүктүн жарылуусунан чыккан суу беш кабаттуу үйдүн бийиктигине чейин көтөрүлдү. Авария Бишкектин Айтматов жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 6-июнда болду.

Суу түтүктөрүнүн бириндеги авария Бишкектин борборунда 6-июнда болду. Күбөлөрдүн айтымдарында, шаардын Айтматов жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жер алдынан суу чыгып, ал беш кабаттуу үйдүн бийиктигине чейин көтөрүлгөн.

Күбө тартып алып жөнөткөн видеодо жер алдынан кубаттуу суу агымынын бийик көтөрүлүп жатканы көрүнүп турат.

«Бишкек жылуулук тармактары» ААКсынын басма сөз борборунан Kloop.kgге аварияга суу түтүктөрүнүн жараксыздыгы себеп болгонун билдиришти. Алардын айтымдарында, ысык суу берүүнүн алдында үйлөрдө сыноо иретинде суу жиберилген жана түтүк андагы тыгыздыкка туруштук бере албай калган.

«Тыгыздык үчүн регламенттик сыноо жылуулук берүү сезонунда жашоочуларды туруктуу жылуулук менен камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт. Анда суу түтүктөрүнүн жарылып, жылуулук түйүндөрү жайгашкан аймактардагы жол төшөлмөлөрүнүн бузулуп, суунун капташы мүмкүн», — деп билдиришти алар.

Азырынча келтирилген чыгымдардын көлөмү тууралуу маалыматтар белгисиз. Адистер учурда суу агымын токтотушту, жакынкы убактарда калыбына келтирүү иштери башталат.

Ушуга окшогон окуя 2015-жылдын июнунда болгон — борбордун Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, андан суу менен бирге майда таштар аткан. Анда суу 6 кабаттуу үйдүн бийиктигине чейин көтөрүлүп, жакын жайгашкан дүкөндөрдүн имараттарын зыянга учураткан.

Суу Samsung дүкөнүнүн сатыкка коюлган техникаларынын 90 пайызын жарактан чыгарган.