Айрым бишкектиктер 15-июнда башталган нөшөрлөгөн жаан Токомбаев көчөсүндөгү жол белгисинин боёгун жууп кеткен деп ойлошкон. Борбордук мэриядан шаардыктар жамгырдан улам пайда болгон көбүктү жуулуп калган боёк катары кабыл алышканын айтып жооп беришти.

Бишкекте 15-июнда башталган нөшөрлөгөн жаандан кийин «Фэйсбук» социалдык түйүнүндө жамгыр суусу Аалы Токомбаев көчөсүндөгү жол белгиси түшүрүлгөн боёкту жууп кеткендиги жазылган сүрөт пайда болгон. Ал билдирүү менен 200дөн ашык колдонуучу бөлүшүп, 500гө жакыны жактыруу белгисин басышкан.

«Фэйсбуктун» колдонуучулары өз божомолдоолорун жазып башташкан — шаардыктар жол белгиси бор же дарбаза сыры менен жасалган деп эсептешсе, башкалары мэрияны коррупцияга айыпташкан.

«Коррупция өркүндөп жатат, жолдор бузулууда, акчалар эсептен чыгарылып алынууда, кезектеги коррупция фактысы», — деп жазган соцтүйүндүн Жылдыза Кадралиева аттуу колдонуучусу.

«Арзан боёктун белгиси», — деп жазган Эсен Алмазов деген башка колдонуучу.

Мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алманбетова Kloop.kgге курган маегинде 2016-жылдын май айында түшүрүлгөн жол белгиси ордунда эле калганын билдирди.

Анын айтымында, жамгырдан кийин жолдо көбүк пайда болуп, аны соцтүйүндүн айрым колдонуучулары жуулуп калган боёк катары кабыл алышкан.

«Түштүк магистралда унаалардын көп болуп жана алардын катуу ылдамдык менен жүрө тургандыгынан улам физика закондору боюнча көбүк пайда болгон», — деди ал.

Алманбетова жолдогу боёкту суу менен жууп кетирүүгө мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Айтымында, анткени ал жаңы технологиялар менен даярдалган.

«Белги түшүрүү боёгу жаңы технологиялар боюнча муздак пластиктен жасалган, ошондуктан аны жууп кетирүүгө мүмкүн эмес. Аны түшүрүүдө ал асфальтка сиңет, ошондуктан жаандын, карды же башка нерсенин аны жууп кетирүүсү мүмкүн эмес», — деди мэриянын басма сөз кызматынын башчысы.

Бишкектин жашоочулары 2015-жылдын октябрында жолдун жөө адамдар өтчү бөлүгүндөгү сары түстөгү жаңы белгилердин бир айга жетпей эле өчүп калгандыгын айтып даттанышкан.

Анда Жол кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги Мирлан Чалабаев жаңы «зебралар» эксперимент катары түшүрүлгөнүн жана ошондуктан ага көпкө чыдабас боёк пайдаланылганын билдирген. Мэриядан жөө адамдар өтчү бөлүктөрдүн жаңы көрүнүшүнө шаардыктардын кандай реакция кыла тургандыктарын билгилери келгинен айтышкан.