Дизайнерлер Максатбек Бакытбеков менен Каниет Акылбеков алгачкылардан болуп Кыргызстанда жыгачтан көз айнектер менен бабочка-галстуктарды өндүрө башташкан.

Жыгачтан жасалган күндөн калкалоочу Wooden көз айнектеринин коллекциясынын үлгүлөрү дээрлик 50гө жетти. Жылмаланган жыгачтан жасалган кара, саргылтым, күрөң түстөгү көз айнектер ишкердик, ошондой эле бейтариз стилдеги кийимдер менен да ийгиликтүү айкалышат.

Бренддин негиздөөчүлөрү — Максат Бакытбеков менен Каниет Акылбеков — өз устаканаларында жыгач көз айнектерди, бабочка-галстуктарды жана илгектерди колго жасашат.

027A8819-280x420

Wooden көз айнектери менен бабочка-галстуктары буйрутма боюнча атайын Австриядан алынып келине турган жыгачтын венге, зебрано жана жаңгак түрлөрү, ошондой эле кыргыз өрүктөрүнөн жасалат.

Каниет Акылбековдун айтымында, жыгач көз айнектердин түзүлүшү менен үлгүлөрүн Кыргызстандын сатып алуучуларынын арасында популярдуу болгон пластмас алкактарды узак анализдегенден кийин иштеп чыгышкан.

«Биз пластмас көз айнектерди сатып алып, аларды сындырып, изилдедик. Акыры пластик алкактарынын бардык кемчиликтерин аныктап чыктык, өз кезегинде ал башынын түзүлүшү азиаттардыкына, ошондой эле европалыктардыкына окшогон адамдар үчүн ыңгайлуу вариантты ойлоп чыгууга шарт түздү», — деди ал.

Жыгачтын табигый жеңилдигинин аркасы менен көз айнектер мурундун эки көз арасындагы бөлүгүндө издерди калтырбайт, анткени аны кыспайт. Кулакка илинчү бөлүгүнүн пружиналуу механизми көз айнек кулактын үстүн кыспагандай кылып ойлонуштурулган.

Көз айнектердин баалары алардын алкактары жасалган материалга жараша болот. Алсак, венге жыгачынан (мындай бак Батыш Африкада өсөт жана анын жыгачы кара түсү менен өзгөчөлөнүп турат) жасалган көз айнектер эки миң сомдон жогору болот.

«Биз жыгачтардын чет өлкөлөрдөн алынып келинген түрлөрүн пайдаланабыз, анткени бизде венге же зебрано сыяктуу бактар жок. Анан албетте жыгачтын баасы көз айнектердин бааларына да таасир этет. Биз мындагы бактардын түрлөрүн деле пайдаланат элек, бирок өлкөдө сөңгөктөр өзгөчө бир техникасыз эле өндүрүштүк масштабдарда гана иштетилет», — деди Бактыбеков.

027A8851

Wooden бренди 2015-жылы пайда болгон жана алгач андай аталыш менен колго жасалган бабочка-галстуктар гана чыгарылып келген, бирок 2016-жылдан тарта коллекцияны жыгачтан жасалган көз айнектер менен илгектер толуктаган.

Жыгачтан саркеч аксессуарларды жасоо идеясы Бактыбековго таандык, кийинчерээк ага Акылбеков да кошулган.

«Бул идея менде 2015-жылдын мартында, карындашым мага бабочка-галстук белек кылганда пайда болгон. Мен аларды башка материалдардан да жасаса болот болду бекен деп кызыгып баштап, интернеттен алардын жыгачтан жасалгандарын көрүп калдым. Ал идея мага абдан жагып калды да мен аны менен алектенип баштадым», — деди Бактыбеков.

027A8885

Алгач идеяны ишке ашыруу үчүн жаңы кадам таштаган, ал тармакта тиешелүү тажрыйбага ээ эмес дизайнерлердин аракеттерине эч ким деле ишенген эмес. Максатбек Бактыбеков — инженер-эколог, Каниет Акылбеков туристтик бизнес менен алектенген.

Бирок бир жылдык экспериметтер менен түйшүктүү аракеттерден кийин дизайнерлер алкагы жыгачтан жасалган көз айнектердин оригиналдуу коллекциясын түзө алышты. Учурда алар Бишкектеги «Евромода» жана «Beta Stores» бутиктеринде сатылууда.

Эми дизайнерлердин жыгач аксессуарларына Кыргызстандагы кардарлары гана эмес, а КМШнын башка өлкөлөрүнөн да дайыма буйрутма берип турушат.

Моделдер: Азат Рузиев, Айжамал Идирис, Эльдос Казыбеков, Александра Ли
Видео: Александра Ли