Аниматор сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов беш жылдан ашык убакыттан бери кыргыз коомунун жашоосун шылдыңга алган кыска тасмаларды жаратып келет. Ар бир тасманын каарманы Коб деген ысымга ээ «бок».

«Айтыш фильм» киностудиясынын аниматор сүрөтчүсү Төлгөбек Койчуманов 2010-жылдан бери Коб деген ысымга ээ каарманы менен видео-комикстерди жаратат. Коб — «бок» деген сөздүн тескери окулушу.

Койчуманов өзүнүн кыска тасмаларында кыргыз коомун шылдыңга алып, саясий темаларда тамашалайт.

Темаларды ал кокустан тандап алат. Анын акыркы роликтеринин бири — Алмазбек Атамбаевдин «Судьбе назло» ырына жасалган пародия.

Койчуманов жардамчылары кол чатыр көтөрүп берип турган чиновниктер, ошондой эле депутат Жанар Акаев менен экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө роликтерди жасаган.

Авторлор: Данияр Бахридин уулу, Назми Мухамедова