Ар күнү эртең менен Тоголок Молдо атындагы бактын спорт аянтчасында ар кайсы курактагы пенсионерлер чогулушат. Улгайган адамдар чуркап, йога менен алектенип, көчө тренажёрлорунда көнүгүүлөрдү жасашат.

Бишкектик пенсионерлердин сергек жүрүм-турумдарына карап, аларды улгайгандар деп атоо кыйын. Активдүү жашоо таризин карманып, ден-соолугун чың алып жүрүү үчүн алар күндө Тоголок Молдо багындагы спорт аянтчасына келишет.

Пенсионерлердин улуусу Рефхат Исмагулов 82 жашта. Ал жаш кезинде футбол ойноп, бир нече жолу сыйлыктарга татыганын айтат.

Исмаилов эртең мененки таза абадагы көнүгүү өзү үчүн «наркотик сыяктуу» экенин айтат.

«Мына бүгүн эртең менен беште ойгондум, анан ошол бойдон уйкум келбей койду. Карыган куракта организмдеги туздарды айдап чыгуу керек», — дейт ал.

Бишкектин дагы бир тургуну Гульнара Маркаримова үч жыл мурда жүрөгүнө операция жасалганын, бирок кийин бакта спорт менен машыгууну чечкенин айтат.

«Күндө эртең менен келип, бул тренажёрлордо машыгабыз. Жүрөгүмө операция жасалган болчу, качан Бишкекке көчүп келгенибизде, ушул тренажёрлордо машыга баштадым. Бакка келип машыккыла, ошондо силерге эч кандай дары-дармектин деле кереги жок болуп калат», — дейт Маркаримова.