Видео: Атамбаевди «тряпка» деген адам камакка алынды

Коомдук тармактарга жүктөлгөн видеодогу кишини милиция кызматкерлери кармашты. Видеодогу киши улгайган аялды басынтып, президентти «тряпка» деп атаган. Ал айыппул төлөп, коомдук иштерге тартылып, же болбосо эки жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге билдиргендей, алар кыймылсыз мүлккө байланыштуу улгайган аял менен жаңжалдашып жаткан видеотасманын каарманын табышкан. Ал мото-мектептин ээси Расул Алимов болуп чыккан.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Анна Жукова Kloop.kgге курган маегинде, Алимовду Бишкек милициясынын кызматкерлери кармап, ага карата кылмыш ишинин козголгонун айтты. Алимов убактылуу камакта иликтөөлөр аягына чыкканга чейин кармалат.

«Учурда 234-берененин экинчи бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду — бул кары-картаңдарды мазактоо менен коштолгон бейбаштык. Ал сый-урмат курагына келип калган аял менен урушкан, ошондуктан кылмыштын ушундай даражасы берилди», — деди ал.

Алимов өзү «Кабарлар» маалымат агенттигине болгон окуя боюнча өкүнгөнүн айткан.

«Мен кечирим сурайм, ошол учурда өтө ачууланып жатып аялга кыйкырып, өлкө башчысына карата адепсиз сөз айтып алдым», — деген ал.

Кылмыш кодексине ылайык Алимов айыппул төлөп, коомдук иштерге тартылып, же болбосо эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Алимов катышкан видео «Кабарлар» маалымат агенттиги тарабынан 10-августта жарыяланган. Анда ал аялды коркутуп, президент Алмазбек Атамбаевди «тряпка» деп атаган.

«Силерди өлтүрүп олтурбайм, өзүңөр өлүп каласыңар [...] Үч күндөн кийин Чоң-Арыкта болуп каласыңар», — деген ал. Эки күндүн ичинде ал видео YouTube сервисинде 11 миң жолу көрүлгөн.

Сүрөт Расул Алимовдун «Фэйсбуктагы» жеке барагынан алынды