КСДП фракциясы Унгар-Тоодогу абалды жабык эшик артында талкуулады

КСДП фракциясы кабарчыларды Унгар-Тоо маселесин, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү жана Москвадагы өрттөн каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жардам берүүнү талкуулоого чакырган. Отурум адегенде ачык өтмөк, бирок жыйынтыгында бир дагы кабарчыны киргизген жок, ал эми талкуунун кээ бир маселелерин башка күнкүгө жылдырышты.

КСДП фракциясынын депутаттары айтылган үч маселени кароонун ордуна, бир гана Өзбекстан менен болгон чек арадагы талаш аймак делген Унгар-Тоодогу абылды талкуулашты.  

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселесин жабык түрдө кароону сунуштады. Фракция аны колдоду, бир гана депутат Жанар Акаев каршы чыкты.

«Эгерде бул маселени жабык түрдө карасак, башкалар абал өтө курч экен деп ойлоп калат», – деди Акаев.

Отурумдан кийин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүрклов журналистердин алдына чыгып, отурумдун жабык өткөндгүн, «көпчүлүккө билгизүүнүн кереги жок» маселелер болгондугу менен түшүндүрдү.

«Анткени сүйлөшүү процесси деген — бул сүйлөшүү процесси. Биз үчүн эң башкысы жыйынтык», — деди Иса Өмүркулов.

Ал кошумчалагандай, Конституция өзгөртүү киргизүү боюнча талкууну фракция башка күнгө жылдырды.

Журналистер Өмүркуловдон кийинки отурумду ачык түрдө өткөрүүнү суранышты.

«Бүгүн түшүнбөстүктөр болду, үчүнчү маселе Конституция боюнча болот деп айткандарынан улам эки саат бою күтүп турдук», — деди журналисттердин бири.

Өмүркулов бул алардын «күнөөсү» экендигин мойнуна алып, биринчи маселени карагандан кийин эле журналистрди киргизиш керек болчу деп белгилеп кетти.

Сүрөт жана видео: Азат Рузиев