Хиллари Клинтонго пневмония диагнозун коюшту

АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтонго дарыгерлер пневмония, өпкөнүн сезгениши диагнозун коюшту. Анын мындай дартынын бар экени тууралуу 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук актыда курман болгондорду эскерүүгө арналган салтанат убагында Клинтондун өзүн жаман сезип, аза күтүү иш-чарасынан кетип калгандан кийин белгилүү болду.

Демократиялык партиянын атынан АКШнын президенттик тактысына талапкер Хиллари Клинтон өпкөсүнүн сезгенип калышынан дарыланып жатат. Бул тууралуу анын дарыгери Лайза Бэрдэк билдирди.

Дүйнөлүк соода борборунда 11-сентябрь күнү өткөн террордук актынын жылдыгына арналган аза күтүү салтанатында Клинтон өзүн жаман сезип, курман болгондорду эскерүү акциясынан кетип калды.

Клинтон өзүн жаман сезип турган учурда жардамчылары ага унаага жетүүгө жана отурууга жардам берип жатканы, видео тасмада көрүнүп турат.

 «Рейтер» маалымдагандай, Бэрдэк буга чейин Клинтон аллергия козгогон жөтөлдөн жапа чегип келген деген билдирүүсүн жарыялаган. Буга байланыштуу 9-сентябрда Клинтонду медициналык текшерүүдөн өткөрүшүп, пневмония бар экенин аныкташкан.

«Ага дары-дармектерди жазып беришип, эс алууну жана иш убактысын алмаштырууну сунушташты. Бүгүн эртең мененки салтанатта анын денеси ысып, кургай баштаган. Мен азыр эле текшерип чыктым — ал тез эле калыбына келет», — деп жазган ал.

Би-би-синин маалыматы боюнча, Клинтон дартынан улам өзүнүн Лос-Анжелеске, Калифорнияга жана Сан-Франциского болгон сапарын токтоткон.

Клинтондун негизги атаандашы — республикалык партиянын атынан АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп бир канча ирет аны «моралдык жана физикалык чыдамың жок» деп жемелеп келген.

СNNдин кабарлашынча, Трамп 29-августта Клинтондон оорусунун кененирээк таржымалын берүүсүн талап кылган. Трамп өзүнүн ден-соолугунун таржымалын да берүүгө даяр экенин билдирген.

Клинтон 2012-жылдын декабрында мээси чайкалып, андан кийин анын кан-тамырларынан кан уюп калганын аныкталган. Кийинки жылдын июль айында болсо Клинтондун дарыгерлери уюган кан операция аркылуу алынган соң толугу менен калыбына келди деп билдиришкен.

Ошондо эле Клинтондун шайлоо штабынын өкүлдөрү Трампты 68 жаштагы Клинтондун ден соолугу тууралуу ылайыксыз ушак таратууга айыпташкан. Азыр Трамп өзү 70 жашта.