Видео: Кыйылып кеткен Раппопорт аллеясынын ордуна эмне курулду?

Ысык-Көл облусунун жетекчилиги июнь айында Балыкчы – Корумду жолун оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн Раппопорт аллеясын кыйып салган болчу. 700 түптөн ашуун дарак кесилип, жергиликтүү элге отун катары таратылып берилген. Бул жердин азыркы көрүнүшү кандай болуп калды?

Дарактардын массалык түрдө кыйылышына алардын «авариялуулугу» жана автожолдун реконструкциясына байланыштуу болчу. Андан сырткары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн ат майданы курулган.

Бактын бир кыйла бөлүгү 2014-жылы Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн кесилип, унаа токтотуучу жайга айланган.

Аллеянын түп-тамырынан жок кылынышы кыргызстандыктардын арасында нараазычылыктарды жараткан. Институттун башчысы Нурсултан Чынгужуев дарактар карып кеткенин, тезинен кесилбесе өзү жыгылаарын Kloop.kgге айткан болчу.

«Дарактар карыган, кесүүгө убакыт келген эле. Алар биологиялык жактан да, механикалык жактан да жабыркаган. Өсүүсү да жайлап калды», — деген ал.

Ал эми эколог Эмиль Шукуров болсо, дарактардын абалы жакшы экендигин, бийлик «коммерциялык» максатта кыйып жаткандыгын билдирди.

«Мунун баары коммерциялык максатта болуп жатат. Мурдагы жылы барганымда, дарактардын абалы жакшы экендигин, дагы көп жылдар жашай ала тургандыгын көрүп келгем», — деди ал.

Токой институту теректердин ордуна ири дарактардан үч тилкелүү аллея тигүүнү сунуштады. Ал эми кесилген теректер жергиликтүү элге отун катары таратылып берилди.

Аллеянын узундугу дээрлик 5 чакырымды түзчү. Бак-дарактар 1934-жылы жергиликтүү ат заводунун башчысы Леонид Раппопорттун демилгеси менен отургузулган болчу.