Кыргыз дизайнери тез заряддоочу батарея ойлоп тапканын айтып чыкты

Steel Drake ысымы менен белгилүү болгон дизайнер Олег Ермаков тез дүрмөттөлүүчү батарейканы ойлоп тапты. Анын айтуусуна караганда, аккумулятор 10-30 секундда дүрмөттөлөт. Учурда дизайнер 20-30 миң доллар өлчөмүндөгү инвестиция издеп жатат.

Ермаков көп жылдар бою химиялык заттарды изилдеп, бир мүнөттө дүрмөттөлүүчү аккумуляторду ойлоп тапкан. Ал бул долбоорду жайылтууга 30 миң доллар өлчөмүндөгү каражат керектелээрин билдирди.

Өз табылгасын Ермаков Gyrasphere деп атаган. Ал аккумулятордун курамында эч кандай зыяндуу заттар жок, литий-иондук негизде жасалган батареялардан айырмаланып, аны ийип же ача берсе болот.

«Эч кандай 40 мүнөт же бир саат күтүүнүн кереги жок. Иштелип чыккан батарея жана атайын түзүлүш жалпы колдонууга бере турган мега-пайдалуу табылга. 30 секунданын ичинде дүрмөттөп алууга болот», - деди ал.

Ермаков иштелип чыккан түзүлүштүн курамы тууралуу айтып берүүдөн баш тартты. Дизайнер башка ойлоп табуучулар жалпы колдонууга чыгарып жиберүүсүн эске алат.

«Түзүлүштү курап чыгуу оңой болгон жок. Уйкусуз түндөрдө химиялык заттар менен ууланган учурларым да болду», - дейт дизайнер.

Ермаков белгилешинче, анын долбоорунун үстүнөн иштей турган топ да жумушка даяр турат.

«Бул долбоор Кыргызстанда жана дүйнөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлордон айырмаланып, абдан тобокелдүү. Себеби, бул илимий ишмердүүлүк, а илимде дайыма 90 пайыз тобокел болот. Ошондуктан, 20-30 миң доллар каражат керектелет, бул акча менен бир жылдын ичинде мерчемделген максатка жетсе болот. Инвестиция келгенден соң,  ойлоп тапкан батареяны бир жылдын ичинде атайын түзүлүштө чыгарууга жетишебиз», - дейт ал.

Ермаков балалыгынан эле ойлоп табуучулук менен шугулданып, энергия берүүчү түзүлүштү ойлоп табууну максат кылган.

«Бул нерсе уктасам түшүмө кирчү. Акыркы жылы бул темага көңүл бура баштадым. Үйдө түрдүү изилдөөлөрдү жүргүздүм. Түрдүү байланыштар, элементтер, материалдар. Литий-иондук батареялардын ордун баскан жөнөкөйүрөөк түзүлүштү табууга аракет кылгам. Акыры ойдогудай түзүлүштү ойлоп таптым», - деди ал.

Ермаков — Steel Drake ысымы менен белгилүү болгон Кыргызстандык дизайнер. Ал 2014-жылы iPhone 8 смартфонунун концептин жасоо менен белгилүү болгон. Анын жасаган иштеринин арасында Audi RSD, Mercedes, Opel жана Mitsubishi автоунааларынын концептилери да бар.

Digital Trends сайтынын билдиргенине караганда, StoreDot стартабынын израильдик инженерлери 30 секундда дүрмөттөлө турган смартфондун батареясын 2014-жылы эле ойлоп табышкан.

Алар «биологиялык» чубалгыларга негизделген жана органикалык «пептиддерден» жасалган StoreDot аккумуляторун жасашкан. Мындайлар адам денесинде физиологиялык тартипти жөнгө салып турат.

Бир жылдан кийин алар өздөрүнүн Nanodot аппаратын чыгарышкан. Бул түзүлүш биринчи биоорганикалык нанокристалл болуп калды. Андан сон, StoreDot компаниясы 900 мA/ч көлөмүндөгү аккумулятордун прототиби iPhone 5S смартфонунун батареясын 30 секундда коопсуз дүрмөттөй ала тургандыгын жарыялашкан.

Тема боюнча: Видео: Steel Drake — iPhone 8дин концепти менен атагы чыккан кыргызстандык