Оппозиция Баш мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча курултай өткөрөт

Оппозициянын чогулушу 8-октябрь күнү Орус драма театрында өтөт. Негизги талкуулануучу тема — Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр болмокчу.

Оппозициячылардын чогулушу 8-октябрда өтөт. Бул тууралуу Kloop.kgге активист Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстандын бийлиги: президент Алмазбек Атамбаев, анын администрациясы жана көпчүлүк депутаттар сунуштап жаткан Конституциядагы өзгөртүүлөр негизги талкуулануучу тема болот.

«[Өзгөртүүлөрдү киргизүү] — бул бийликти кармап калуу жана буга чейин алты жыл ичинде кетирген каталарын жаап-жашыруу максатында жасалып жатат», — деди Турдукулов.  

Активисттин айтуусунда, өзгөртүүлөргө каршы «жарандык коомдун өкүлдөрү, улуттук-патриоттук күчтөр, саясатчылар жана жаштар» чыгууда. Оппозиция курултайга 500дөй адам топтойт.

Турдукулов билдиргендей, алар курултайга өзгөртүүлөрдү демилгелеген парламенттеги фракциялардын лидерлерин чакырышкан, бирок алар чакырууну кабыл алышкан эмес.

«Эмне үчүн өзгөртүүлөр киргизип жатканын өздөрү да так билишпейт. Бул курултай бийлик үчүн ачык, эгер алар да айта турган сөзү, позициясы болсо эшигибиз ачык. […] Бийликтегилер ачык сүйлөшүүгө келбей жатышат», — деди ал.  

Ал билдиргендей, курултайдын уюштуруучулары Коснтитуцияга өзгөртүүлөр киргизүүгө каршы кол топтоп жатышат, азырынча канча кол топтолгону жөнүндө маалымат жок.

Курултайдын уюштуруучуларына курултай өткөрүүгө эч ким аянтча түзүп берүүнү каалаган эмес. Алар Кыргыз опера жана балет театры, Улуттук филармония жана Кожомкул атындагы Спорт ордосу да башка иш-чаралар өтөөрүн айтышып, имараттарын бербей коюшканын билдиришти.

«Заноза» маалымат агенттигинин журналисттери мекемелердин баш тартуусун иликтеп чыгышкан — мисалы, Опера жана балет театры оңдоп-түзөөлөр болууда деген шылтоону айтышкан, бирок спектаклдер өз тартибинде жүрүп жаткан.

Конституцияда «жарылуучу жагдайлар» бар  

Президенттин аппаратынын башчысы Фарид Ниязов 27-сентябрда «Ой ордо» ток-шоусунда айткандай, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө БУУнун адам укуктары боюнча комитети укук коргоочу, өмүр бою соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап чыгууну сунуштаганда кеп боло баштаган.

Ниязов кошумчалагандай, эл аралык уюмдар тарабынан «басымдын элементтери» жана өлкөнүн «ички иштерине аралашуулар» болууда. Мисал катары ал ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөгөн кылмышкер Кадыржан Батыровду келтирди.     

Ниязов айткандай, президент өзгөртүүлөрдү «башкаруунун парламенттик формасына чоң кадам» болуп жатканы үчүн колдоп жатат. Кыргызстандын бийлиги Конституциянын азыркы редакциясында авторитардык режимди орнотуу үчүн «жарылуучу жагдайлар» бар деп айтышууда.

Өзгөртүүлөр «демократиянын жоголушуна жетелейт»

Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүүгө каршы тарап мыйзам бузуулар болуп жатканын айтышууда. Андан сырткары, улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарынан баш тартуу өлкөдө демократиянын жоголушуна алып келиши мүмкүн.

Өзгөртүүлөргө каршы айрым фракциялардын «Ата Мекен» жана «Бир бол» депутаттары, экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү жана жарандык коомдун мүчөлөрү чыгышкан.   

«Бир бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алууда парламенттин биринчи окуусундагы кетирилген мыйзам бузууларды айтып чыккан эле. Ал мыйзам долбоору Конституциялык палатанын корутундусу жок каралбашы керек деп айткан.  

Бирок, референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган.

Укук коргоочу Рита Карасартова, референдум жөнүндөгү жана Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча мыйзам долбоору мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын негиз кылып, парламентти сотко берген.