УКМК тажик укук коргоочусуна каршы иш козгоду

Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматы тажик укук коргоочусу Собир Валиевге каршы иш козгоду. Жакында эле Бишкекке келген Валиевдин аялы да кармалган эле, бирок эч жакка кетпей турган кепилдик менен бошотулган.

Валиевдин жубайы Жанет Хамзаева Бишкекке келгенде, Валиевге карата иш козголгон. Укук коргоочу өзү болсо Кыргызстан менен Тажикстандан сыртта жашайт.

УКМКнын маалыматтарында айтылгандай, Хамзаева күйөөсүнө мыйзамсыз кыргыз паспортун берүү жана Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү боюнча сурак берүүдө.

«Хамзаева (Валиева) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызматына жолдошу Валиевдин изделүүсүнө байланыштуу сурак берип жатат. Хамзаева күбө катары суралган», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.  

Валиевдин жубайы 2-октябрда «Манас» аба майданында кармалып, улуттук коопсуздук мекемесине жеткирилген — ошол эле күндүн түн ичинде эч жакка кетпей турган кепилдик менен коюп жиберилген жана эртеси күнү 14:00дө суракка чакырылган.

Хамзаеванын жактоочусу Рысбек Адамалиев Kloop.kgге билдиргендей, Валиевдин жубайы учурда үйдө.

«Бирок, бүгүн да УКМКга келсин деген буйрук келди. Саат экиде жактоочулары менен Хамзаева УКМКга суракка барат. Биз ага карата кандай кылмыш иши козголгонун билүүбүз зарыл, кайсы беренелер жана анын иши менен ким алектенип жатканын да сурайбыз», — деди ал.  

Хамзаеванын кармалуусу

Хамзаеванын УКМКнын кызматкерлери 2-октябрь күнү «Манас» аба майданынан кармап кетишкен. Ал күнү Хамзаева апасынын ооруп калганына байланыштуу Стамбулдан Бишкекке учуп келген.

Хамзаеванын жактоочусу Динара Медетова УКМКнын имаратына киргизилген эмес. Хамзаеванын апасынын үйүндө тинтүү жүргөн.

УКМКнын кызматкерлери укук коргоочунун жубайы кайсы негизде кармалгандыгы тууралуу маалымат берген эмес.

«Хьюман Райтс Вотч» эл аралык укук коргоочу уюму Хамзаеванын кармалуусу боюнча тынчсызданганын билдирген.  

«Анын кармалуусунун себептери белгисиз. Биз кыргыз бийлигине кылдат көңүл буруу жана эл аралык нормалар сакталуусу боюнча кайрылуу жөнөттүк», — деди «Хьюман Райтс Вотчтун» Борбордук Азиядагы изилдөөчүсү Стив Свердлов «Азаттык» радиосуна

Видео: Хамзаеванын апасынын үйүндөгү тинтүү

Укук коргоочунун жакындары 2015-жылы Тажикстандын укук коргоо органдары Валиевди жана анын тууган-туушкандарын көзөмөлдөп жатканын айтып чыгышкан.

Мурунку аптада Валиев Варшавада өткөн ЕККУнун адам укуктары боюнча өткөрүлгөн жыйынында тажик бийлигин катуу сынга алган эле.

Валиев Kloop.kgге билдиргендей, Хамзаеваны «ал анын жубайы болгондугу үчүн» кармап кетишкен.  

Укук коргоочу жана «24» оппозициялык тобунун лидери YouTube каналынан жана коомдук желелер аркылуу жарандарды демократиялык реформаларга үндөй баштагандан кийин атайын кызматтар анын изине түшкөн эле. Ал экстремизмде айыпталган соң, Валиев мамлекеттен чыгып кеткен.