УКМК тажик укук коргоочусунун жубайын «Манас» аба майданынан камака алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери «Манас» аба майданынан эч кандай айыптоочу документтерди көрсөтпөстөн эле тажик укук коргоочусу Собир Валиевдин жубайын кармашкан. Камакка алынгандын адвокаты Динара Медетованы УКМКнын имаратына дем алыш күнгө шылтоолоп киргизбей коюшкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 2-октябрда, түнкү саат экиде, стамбулдук рейс менен учуп келген Жанета Хамзаеваны «Манас» аба майданынан кармашты.

Болгон окуя тууралуу алгачкылардан болуп укук коргоочу Азиза Абдирасулова билген. Анын айтымында, Тажикстандын атактуу укук коргоочусу жана оппозициялык кыймылынын лидери Собир Валиевдин жубайы Бишкекке энесинин ден соолугуна байланыштуу келген.

«Мен анын апасы жана жолдошу менен байланыштым. Ага адвокатты жөнөттүк, бирок жактоочуну Жанетага киргизбей коюшту. УКМКнын кызматкерлери эч бир суроолорго да жооп бербей жатышат, биз Хамзаева кайсы себеп менен камака алынгандыгын дагы билбей жатабыз», — деди ал.

«Кылым шамынын» өкүлдөрү камака алынуунун себебин билүү үчүн бир нече саат УКМКнын имаратынын жанында болушту, бирок андан майнап чыккан жок.

Адвокатты кармалгандын жанына киргизбей жатышат

Адвокат Динара Медетова Kloop.kgге билдиргендей, бир нече саат УКМКнын имаратынын жанында туруп, Жанета Хамзаеваны камака алуунун себебин биле албай койгон.

«Бизди эч жерге киргизбей жатышат, биз менен сүйлөшпөй дагы коюшту. Дежурлар эч нерсе билбегендигин айтышып, жекшемби — дем алыш күн деп шылтоолошту. Ошондуктан, биз азырынча эч нерсе билбейбиз. Эмнеге шектелип жатат? Анын ишин ким алып барууда? Кандай тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат?» — дейт Медетова.

Ошондой эле, жактоочу УКМКнын кызматкерлери Хамзаеванын энесинин үйүндө тинтүү жүргүзгөндүгүн маалымдады.

Видео: Хамзаеванын энесинин үйүн УКМКнын кызматкерлери тинткенден кийин

Kloop.kgнин редакциясы УКМК менен байланыша алган жок, дежур бөлүмдө «бүгүн жекшемби — дем алыш күн» деп комментарий беришкен.

Тажикстандын «Озоди» маалымат агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, 2015-жылы укук коргоочунун туугандары Тажикстандын укук коргоочу органдары жана коопсуздук органдары Валиевди жана анын үй бүлө мүчөлөрүн куугунтуктап жаткандыгын айтышкан.

«Аны менин жубайым болгон үчүн гана кармашты»

«Фергананын» маалыматы боюнча, учурда Валиев Европада. Ал өткөн жумада Варшава шаарында ЕККУнун адам укуктары боюнча жыл сайын өтүүчү иш чарасында тажик бийлигин катуу сынга алган.

Укук коргоочунун өзү, Kloop.kgге берген маегинде, Кыргызстандын жараны болуп саналган келинчегинин камака алынгандыгын, 2-октябрь күнү эртең менен, журналисттерден билген. Валиев, камака алуунун себеби, ал анын жубайы болгонунда деп шек саноодо.

«Аны менин жубайым болгон үчүн гана кармашты. 2016-жылдын март айында бир нече жолу кайненемдикине барышып эмне себептен үйүнө кайтпай жаткандыгын сурашыптыр», — деди ал.

Укук коргоочу Кыргызстан демократияны сактап, Жанета Хамзаеваны анын саясий көз караштары үчүн куугунтуктоого албаарына ишенээрин билдирди.

«Мени Тажикстандын атайын кызматтары издөөгө салышкан, мен КМШ өлкөлөрүндө эл аралык издөөдөмүн. Мен, ар дайым, Кыргызстанды демократиянын аралчасы деп эсептеп келгем жана адилеттүүлүккө үмүт артып, жакынкы аралыкта аны бошотушаарына ишенем», — деди ал.

Тажикстандагы укук коргоочу жана «24» оппозициялык тобунун лидерин куугунтуктоо анын бийликти сынга алгандыгы үчүн башталган.

Собир Валиев мекендештерин демократиялык реформаларга YouTube жана коомдук желелер аркылуу ачык эле чакырган. Экстремизмге айыптуу деген жала жабылгандан кийин Валиев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Сүрөт: News Maker