Pixel жана Pixel XL смартфондору — Google компаниясынын «айфон өлтүргүчүн» жасоого болгон аракети. «Издегич» эки флагманды көрсөттү, алардын негизги мүнөздөрү жана баасы да iPhoneдукунан калышпайт.

Google эки телефонду жарыялап, булар чыныгы флагмандар болуп чыга келди

Pixel жана Pixel XL — Android 7.1 Nougat акыркы версиясынын эки флагманы, алардын мүнөздөмөлөрү Samsung жана LG компанияларынын топ баскычындагы смартфондоруна тең.

Google эки телефонду көрсөттү, алардын бирөөсүнүн экраны 5 дюймдук, экинчисиники — 5,5. Pixel жана Pixel XL телефондорунун айырмасы мына ушунда.

Фаблеттин батареясынын чоңураак өлчөмүн эске албаганда, эки смартфондун ички түзүлүшү да бирдей. «Googleдун телефондорунун» ички түзүлүшү —  HD-дисплейлери, Snapdragon 821 үлгүсүндөгү төрт өзөктүү процессор, 4 гигабайт оперативдик эс тутум жана 32ден 128 гигабайтка чейинки жалпы эс тутум.

Pixel телефонунун эс тутумунун жетишсиздиги "булуттун" жардамы менен чечилген. Google телефон сатып алуучуларга сүрөт жана видео сактоо үчүн чексиз сактагычты сунушташат.

Начар жарык болгон жерде Pixelге тартылган сүрөт
Начар жарык болгон жерде Pixelге тартылган сүрөт

Google белгилегендей, колдонуучулардын сүрөткө түшүүсүнө ыңгайлуу болсун үчүн, Pixel телефонунун камерасына көңүл бурулган. Ал 12 мегапикселдүү, f/2.0 диафрагмасы жана бир канча сапаттуу автофокусу менен мактана алат.

Pixel смартфондору — Google Daydreamer көз айнектерине туташкан жана Google Assistant акылдуу жардамчысы бар алгачкы түзүлүш. Андан сырткары, ал тез заряддалуучу касиетке ээ: 15 мүнөттүн ичинде батареяны 70 пайызга толтуруп алууга болот.

Googleдын жаңы смартфондору чын эле iPhone сыяктуубу?

Pixel жана Pixel XL чынында Apple компаниясынын жаңы смартфондорун эске салат, бирок кеп анда эмес.

Бир тарабынан, Google велосипед чыгарууну көздөгөн жок. Pixelдин дизайны жана мүнөздөмөлөрү Apple компаниясын эске салып турат, бирок компания мындай өлчөмдү сынап көрүүдөн коркуп турат — окшоштуктар мына ушунда.

Экинчи тараптан, Pixel — бул «издегич» тарабынан ачык чакырык болду. Google айфонго окшогон телефонду бекеринен жасаган эмес. Google «айфонду өлтүргүчтү» жасады. Бул кадам компания тарабынан ушундай мүнөздөлүүдө.

Pixel жана iPhone бир талаада жүрүшөт. Алардын баасы да бирдей (кичи версиялары 649 доллар, Pixel XL же iPhone 7 Plus 769 доллар), аналогдуу өндүрүш, окшош камералар, дизайн жөнүндө кеп кылбай койсо да болот. Бул окшоштуктарды байкабай калуу мүмкүн эмес.

Смартфон бармак издерин да скандайт
Смартфон бармак издерин да скандайт

Google көп убакыт бою программалык камсыздоочу компания болуп иштеп келди, бирок заман өзгөрдү. «Издегич» негизделгенден бери түзүлүш иштеп чыгарган компанияларга сөйөнүп келген.

Азыр болсо, Google жеке гаджеттерди иштеп чыгууга чоң кадам таштады (Pixel телефондорун презентациялап жатканда, Google Home акылдуу колонка жана Daydreamer көз айнектерин да көрсөттү). Аналитиктер айткандай, компания бул сегментке олуттуу көңүл бурган.

Moto компаниясынын мурдагы алдыңкы иштеп чыгаруучу адисин Google чакырып, штабын кеңейтип, узак мөөнөттүү план түзүп, ага көп акча салды. Мына ошол үчүн компания бир канча убакыт мурда даярдалган Project Ara модулдук смартфондорун чыгаруудан баш тарткан. 

Pixel үч түстө сатыкка чыгарылат
Pixel үч түстө сатыкка чыгарылат

Pixel iPhone телефонуна окшош, бирок бул бекеринен эмес. Pixel — Apple компаниясынын смартфонунун жаңы потенциалдуу атаандашы катары чыкты.

Токто, Google буга чейин Nexus смартфонун чыгарбады беле?

Чындыгында, Pixel — Google чыгарып жаткан алгачкы смартфон эмес (бул аталышта чыккан алгачкы девайс да эмес: мурдараак компания Pixel деп аталган ноутбуктарды чыгарган).

«Издегичтин» флагмандык Nexus телефондорун чыгарууга байланышкан узак өндүрүштүк тарыхы бар, бирок Google эч качан мындай олуттуу кадам таштаган эмес. Ар жылы компания Samsung же Motorola сыяктуу компаниялар менен келишим түзүп, Android версиясындагы телефондорду чыгарып келген.

Googleдын Samsung, HTC жана LG менен биргеликте чыгарган Nexus смартфондору
Googleдын Samsung, HTC жана LG менен биргеликте чыгарган Nexus смартфондору

Флагмандык мүнөзгө карабай, Nexus смартфондору жөнүндө жарнамалоо да болгон эмес. Сатууда да LG жана Samsung компанияларынан озуп өтүп кетпеген, бирок Google озуп өтүүгө аракет да кылчу эмес.

Pixel — бул таптакыр башка окуя. Google аны НТС менен ортодо чыгарып жаткандыгына карабастан, смартфондун корпусунда кичинекей «G» жазылып турат. Жогоруда айтылгандай, бул смартфондон компания чоң келечек күтүүдө.